2024-11-29


Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы: Эң мыкты студенттик наам Сайкал Акбаралиевага берилди


Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмүнүн  4-курсунун студенти Сайкал Акбаралиева Казахстандын Улуттук Инновациялык борбору «Bilim-orkenieti» тарабынан уюштурулган эл аралык «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу конкурска катышып, I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланып кайтты. Аталган конкурска Кыргызстан, Туркменистан, Өзбекстан, Азербайджан, Түркия жана Казахтандын 100дөн ашык студенттери катышышты. Конкурстун максаты –түрк элдеринин жаштарынын арасында кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган, активдүү жаштар саясатына колдоо көрсөтүп, өнүктүктүрүү. Калыстар тобу студенттердин илим-изилдөө, чыгармачылык, коомдук иштер жана спорт жаатындагы ийгиликтерин баалап, жеңүүчүлөрдү аныктады. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 2024-жылдын 23-ноябрында  Астана шаарында Министрлер үйүндө өттү.  

Сайкал Акбаралиева буга чейин окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн ар кандай мекеме жана уюмдардын көптөгөн сыйлыктарына татыктуу болгон. Ал түрдүү уюмдарда ыктыярчы катары иштеп, коомго кызмат кылып, адамдарга жардамын аябай келет. Өзгөчө “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында Кыргызстанды кыдырып, мектеп окуучуларынын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга жана руханий дүйнөсүн байытууга зор салым кошту. Сайкалдын бул эмгеги жогору бааланып, 2022-жылы Республикалык конкурста “Мыкты студент” наамына ээ болуп, I даражадагы диплом менен сыйланган. Сайкал өзүн инсан катары ар тараптуу өнүктүрүүгө, чет тилдерди мыкты өздөштүрүүгө жана университетти ийгиликтүү бүтүрүп, элге кызмат кылууну көздөйт.