2026-01-29


Математика бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы Түркия Маариф Фондуна караштуу мектепке барышты


Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин Математика бөлүмүнүн профессордук- окутуучулук курамы Түркия Маариф Фондуна караштуу мектепке иш сапары менен барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттырууга багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.
Программанын жүрүшүндө окуучулар үчүн математика боюнча таймаштар өткөрүлүп, активдүү катышкан, ийгиликке жетишкен окуучуларга белектер тапшырылды. Бул иш-чаралар окуучулардын билимге болгон мотивациясын жогорулатууга өбөлгө түздү.
Ошондой эле, жолугушуунун алкагында студенттерибиздин ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Окутуучулар менен мектеп жетекчилиги университет менен мектептин ортосундагы кызматташтыктын алкагында бүтүрүүчүлөр үчүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Иш сапар эки тараптуу жакшы тилектер менен жыйынтыкталды.