2026-03-19
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»
Урматтуу студенттер!
2026-жылдын 1-aпрелинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу сынак өткөрүлөт. Сынак улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулууда. Бардык командаларды активдүү катышууга чакырабыз!
? Максаты:
- Улуттук баалуулуктарды даңазалоо
- Студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү
- Кыргыз элинин тарыхын, салтын жана маданиятын жайылтуу
? Сынактын этаптары:
- Саламдашуу: Команда өзүн тааныштырып, чыгармачыл форматта саламдашуу көрсөтөт (3–5 мүнөт).
- Кыргыздын салты: Кыргыз элинин каада-салтын сахналаштырып көрсөтүү (мисалы: тушоо кесүү, кыз узатуу, бешикке салуу ж.б.).
- Кыргыз тарыхын чагылдырган сценарий: Тарыхый окуяны же улуу инсандардын өмүрүн сахналаштыруу.
- Кыргыз даамы: Улуттук тамак-аштарды тааныштыруу жана анын тарыхын, жасалышын айтып берүү.
- Ыр же бий: Кыргыз ырын аткаруу же улуттук бийди көрсөтүү.
? Баалоо критерийлери:
- Чыгармачылык деңгээли
- Теманын ачылышы
- Сахна маданияты
- Командалык иш
- Улуттук өзгөчөлүктүн чагылдырылышы
Аталышы: «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»
Өтүлүү датасы: 1-aпрель, 2026-жыл
Катышуучулар: Бөлүмдүн студенттери