2026-03-31
2026-жылдын 24–28-март күндөрү 1-лигадагы университеттер арасында тогуз коргоол боюнча универсиада болуп өттү. Бул мелдешке жалпы 9 команда катышып, жогорку деңгээлдеги атаандаштыкта оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эркектер жана кыздар курама командалары мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду жеңип алышты. Команданын курамында Табигый илимдер факультетинин төмөнкү студенттери ийгиликтүү катышты: Бектурсунова Эльмира — математика бөлүмү 4-курс Маданбекова Айдай — колдонмо математика жана информатика бөлүмү 2-курс, Сыдыгалиева Сезим — математика бөлүмү 4-курс Бул жеңиш студенттердин интеллектуалдык деңгээлинин жогору экенин жана университеттин намысын татыктуу коргой алганын дагы бир жолу далилдеди.