2026-06-10
Кыргыз-Түрк ''Манас'' университетинин Математика бөлүмүндө салтка айланган «Коштошуу пикниги» быйыл да жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чараны үчүнчү курстун студенттери уюштуруп, бүтүрүү алдында турган төртүнчү курстун студенттерине арналды.
Жылуу жана достук маанайда өткөн пикник учурунда студенттер окуу жылдарында топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп, бирге өткөргөн унутулгус көз ирмемдерин эскеришти. Программа спорттук оюндар, командалык мелдештер жана ар кандай маданий иш-чаралар менен коштолуп, студенттердин ортосундагы ынтымакты жана достукту дагы да бекемдеди.
Иш-чаранын жүрүшүндө үчүнчү курстун студенттери бүтүрүүчүлөргө келечектеги иштерине ийгиликтерди каалап, жаңы турмуш жолунда бакыт жана жетишкендиктерди тилешти. Ал эми төртүнчү курстун студенттери университетте өткөргөн жылдары тууралуу ой-пикирлерин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Математика бөлүмүндө жыл сайын өткөрүлүп келген бул салттуу пикник студенттердин биримдигин чыңдоого жана бөлүмдүн маданиятын кийинки муундарга өткөрүп берүүгө чоң салым кошууда. Иш-чара эстелик сүрөткө түшүү жана жакшы каалоо-тилектер менен жыйынтыкталды.
