2026-06-24


Эл аралык физика олимпиадасына даярдык


Биздин өнөктөшүбүз Маариф билим берүү комплексинин мүдүрүнүн кат менен кайрылуусуна байланыштуу Маариф жана Газпром билим берүү мекемелеринин окуучуларынан турган Кыргызстандын курама командасын (Айтегин Эмилбеков, Темирхан Салиев, Тутушбаев Умар, Касымов Марсел, Мурзабеков Нурбол) физика боюнча эл аралык олимпиадалардын практикалык бөлүгүнө даярдоо максатында Табигый илимдер факультетинин окутуучулары доц. др. Тамара Карашева, академиялык адистер Азат Акматбекова жана Назгүл Аданбаева физика лабораториясында окуучуларга 8-12-июнь кундөрү практикалык сабактарды өткөрүштү.  Окуучулар лабораториялык иштер менен таанышып, тажрыйбаларды жасап, тапшырмаларды аткарышты. Ал ортодо окуучулардын бири Айтегин Эмилбеков (Газпром) 12-16-июнда Швецияда өткөн физика боюнча Европалык олимпиадага катышып,  ардак грамотага ээ болуп кайтты. Эми 4-июлда команда физика боюнча IPhO  олимпиадасына катышуу үчүн Колумбияга жол тартышат. Биздин команда ийгилик менен кайтышына тилектешпиз!