2022-03-16

Тарых музейине саякат


Математика бөлүмүнүн 1-2-курсунун студенттери Тарых музейине саякатка барышты.

“Биз элибиздин өтмүшүн жана  бай тарыхын жакшы билгенден кийин гана, келечекке туура жол таба алабыз. Ушул максат менен реставрациядан кийин жаңы ачылган Мамлекеттик Тарых музейине даанышманыбыз менен барууну туура көрдүк. Музей чындыгында биз күткөндөн дагы пайдалуу маалыматтарды жана сонун эмоцияларды тартуулады. Үч каттан турган заманбап имаратта элибиздин тээ илгертен, азыркы күнгө чейинки  басып өткөн жолун чагылдырган бай экспозициялар жайгаштырылган экен.

Миң уккандан бир көргөн артык демекчи, сиздерди да тарых музейине барууга чакырабыз” – деп өз ойлору менен бөлүшүштү студенттерибиз.