Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болду


  • 2021-09-10

Түркия-Кыргыз Өкмөттөрү аралык экономикалык комиссия жыйналышы үчүн Кыргызстанга келген вице-президент Фуат Октайдын 2021-жылдын 10-сентябрындагы сапарын: Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, Экология жана шаар куруу министринин орун басары Мехмет Эмин Башпынар, Энергетика жана табийгый ресурстар министринин орун басары Шереф Калайжы, Айыл жана токой чарба министринин орун басары Айше Айшын Ышыкгеже, Соода министринин орун басары Сезаи Учармак, Транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Селим Дурсун жана Тышкы экономикалык мамилелер кеңешинин төрагасы Найил Олпак коштоду.
КТМУнун биринчи проректору проф.докт.Асылбек Кулмырзаев, проректору проф.докт. Мустафа Орчан жана ректордун башкы кеңешчиси Ахмет Беше, Фуат Октай баштаган делегацияны Сенаттык залда тосуп алышты.
Проф.докт. Асылбек Кулмырзаев, вице-президент Октайга КТМУ ичиндеги жаңылануу, өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди. Университет ишине байланыштуу өлкөнүн сыртында жүргөн ректор проф.докт. Алпаслан Жейландын саламдарын айтты.
Октай универсеттин соңку өнүгүүлөрүнөн кабары барын жана ал үчүн мындай окуялар жагымдуу экенин баса белгиледи.
Асылбек Кулмырзаев Фуат Октайга деген атайы белегин арнаган соң, эстеликке сүрөткө түшүшүп жолугушуу жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү