Окумуштуулар кеңешинин чечими


  • 2022-01-10

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу окуу жайыбызда 2022-жылдын 11-январынан тарта аралыктан окууга өтүү маселеси каралды.    

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын санынын көбөйүшүнөн улам университетте 2022-жылдын 11-январынан 14-февралга чейин окуу-тарбия иштерин аралыктан окутуу ыкмасы менен жүргүзүү, өткөн окуу жылында бул боюнча топтолгон тажрыйбаны колдонуу жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ой-пикирине ылайык ушул убакыттын ичинде төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыруу:

  1. Студенттик үйлөрдө жашаган кыргызстандык студенттерди (өзгөчө учурлардан тышкары) өз үйлөрүнө жиберүү, башка өлкөлөрдөн келген студенттерден ПЦР анализин алуу жана ПЧР-тестинин жыйынтыгы оң чыккан студенттерди карантинге алып, дарылоо;    
  2. Пандемия учурунда бардык санитардык чараларды көрүү менен ветеринария факультетинин акыркы курсунун студенттерине билим берүүнү бетме-бет формасында өткөрүүнү улантуу;
  3. Жогорудагы кырдаалга байланыштуу 2022-жылдын 11-январында онлайн түрүндө өткөрүлбөй калган сабактарды 2022-жылдын 15-январында ишемби күнү өткөрүү;
  4. Окуу календарында белгиленгендей, чет тилдер жогорку мектебинин студенттери үчүн 2022-жылдын 17-январынан тарта, туризм факультети жана орто кесиптик колледждин туризм программасынын студенттери үчүн 2022-жылдын 24-январынан тарта сабактарды аралыктан окутуу ыкмасы менен (онлайн түрүндө) өткөрүү;
  5. Студенттердин сабакка катышып-катышпаганын текшерүү үчүн системага кирүүнү ачык кармоо;
  6. Интернет байланышынын начардыгынан жана техникалык жагдайдан улам онлайн сабактарга катыша албаган студенттерди системага “сабакка катышкан жок” деп каттабоо;
  7. Ара жана финалдык сынактарды ​​ eders.manas.edu.kg веб-порталы аркылуу (күз) Moodle же Google Meet программаларынын жардамы менен онлайн түрүндө: ара сынактарды сабак учурунда, финалдык сынактарды болсо окуу календарында аныкталган күндөрү тийиштүү деканаттын/ мүдүрлүктүн жана бөлүмдөрдүн координациясы астында төмөндөгүдөй өткөрүү:
    1. Практикалык тапшырма (тапшырма жана долбоор ж.б.)
    2. Жазуу жана/же тест түрүндөгү сынак
    3. Онлайн түрүндө бетме-бет оозеки сынак.                      
  8. 2022-жылдын 11-январынан тартып интернет байланышында орун алган кɵйгɵйлɵрдɵн жана башка техникалык себептерден улам сынакка кире албаган же сынагын бүтүрɵ албаган студенттерден арыз болсо, аларга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” 18/с- беренеси жана “ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак ɵткɵрүү боюнча нускамасынын” 24/c-беренелерине ылайык,  сынакка кайра кирүү укугунун берилүүсү;
  9. Магистратура жана докторантура программалары боюнча квалификациялык сынактарды, диссертациялык ишти кароо комиссиясынын жыйындарын, диссертация коргоо жана мамлекеттик сынактарды гибриддик (аралаш) түрдө, б.а. пандемия учурунда бардык санитардык чараларды көрүү менен бетме-бет формасында үн жана видео каттоолордун коштоосунда, Google Hangouts Meet программасынын жардамы менен интерактивдүү жана онлайн түрүндө өткөрүү жана бакалаврдык бүтүрүү иштери сабактарын ɵтүүдɵ жогоруда аталган ыкмаларды колдонуу;
  10. Университетте кызматкерлер үчүн уюштурулган тил курстарын пандемия учурунда бардык санитардык чараларды көрүү менен бетме-бет формасында өткөрүүнү улантуу;
  11. Бардык административдик кызматкерлердин кезектешип иштеши, академиялык кызматкерлердин өз сабактарын аралыктан окутуу ыкмасы менен өткөрүшү, кызматкерлердин университетке келүүсү зарыл болгон учурда тиешелүү түзүмдүн жетекчисине маалымдалышы, пандемия учурунда бардык санитардык чаралар көрүлүшү жана ушундай шартта кызматкерлердин белгилүү график боюнча ишке келүүсүн камсыздоо жөнүндө; бир добуштан чечим кабыл алынды.
    Социалдык медиада бөлүшүү