Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунун студенттери бакалаврдык билим алуу сапарына шаң менен узатылды


  • 2025-05-29

2025-жылдын 27-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү бөлүмүнүн салтка айланган “Кош бол, даярдоо курсу” аттуу иш-чарасы чоң шаң жана толкундануу менен өттү.

2024–2025-окуу жылында кыргызча, түркчө, англисче, орусча жана кытайча даярдоо бөлүмүндө окуган студенттер катышкан бул иш-чара ийгиликтүү аяктоонун сыймыгын жана бакалаврдык билимге жол ачылган кубанычты тартуулады.

Иш-чарага ректор, профессор Алпаслан Жейлан, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган, окутуучулар, коноктор жана көптөгөн студенттер катышты.

Силер — “Манас” университетинин сыймыгысыңар

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан  Жейлан студенттерге болгон терең сүйүүсүн жана ишенимин билдирип, мындай деди: “Силер — “Манас” университетинин сыймыгысыңар. Бүгүн бул жерде даярдоо курсун гана аяктаган жоксуңар, келечекке карай ишенимдүү түрдө алгачкы кадамыңарды да таштап жатасыңар. Эми  факультеттерде билим, кайрат жана ишеним менен жаңы бийиктикке карай багыт алчу убакыт келди. Силер — түрк дүйнөсүнүн үмүтү жана келечегисиңер.”

Ректор, профессор Жейлан окутуучуларга да чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, академиялык жамаатка болгон терең урматын билдирип, буларга токтолду: “Жаштардын бүгүнкү абалы — алардын өз эмгектери менен катар, кымбаттуу окутуучулардын сабыры, үзүрлүү эмгеги  жана туура багыт берүүлөрүнүн жемиши. Студенттерге талыкпастан билим берип, баалуулуктарды ачып бергениңер үчүн силер менен өзгөчө сыймыктанабыз.”

Сөзүнүн соңунда Хажы Бекташ Велинин кылымдарды карыткан насаатын эске салып, “Бар бололу, зор бололу, жигердүү бололу”, — деп, студенттерди биримдикке чакырды.

Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган ачылыш сөзүндө жемиштүү өткөн окуу жылынын  маңыздуу аякташын белгилеп, бул иш-чара жөн гана майрам эмес экенине токтолду: “Даярдоо курсунун шаңы — жөн гана бир майрам эмес, бул — чоң эмгектин, тилектештиктин жана концепциянын жыйынтыгы.”

Бул келечекке багытталган концепцияда жол көрсөткөн ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылыгын билдирген профессор Доган, студенттердин жана окутуучулардын жыл бою көрсөткөн иш-аракеттерин да жогору баалады.

 Сабак учурунда тил гана үйрөтпөстөн, жүрөктөргө үмүт сепкен каармандар

Мугалимдерге кайрылып сүйлөгөн сөзүндө эмгек жана жан үрөп иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген профессор Режаи Доган: “Урматтуу окутуучулар, сиздер тил үйрөтүү менен гана чектелген жоксуздар. Түрк тили жана кыргыз тилинен баштап англис, орус жана кытай тилдерин үйрөтүү менен катар, студенттерге маданияттар аралык көпүрө куруунун жолун, түшүнүүнүн жана түшүндүрүүнүн сабактан тышкары да өмүр бою уланаарын үйрөттүңүздөр. Аудитория ичиндеги сабырыңыздар, анын сыртындагы жетекчилигиңиздер,  билимиңиздерди жан дил менен бөлүшүүңүздөр — окуу жайыбыздын руханий пайдубалын түзгөн баалуулуктардан экени талашсыз.”

 

Даярдоо курсу бир босого болчу; силер аны ишенимдүүлүк менен өттүңөр

Профессор Режаи Доган студенттерге кайрылып, алардын бир жыл бою жасаган тынымсыз аракеттерине да токтолду: “Урматтуу студенттер, силер татаал тил үйрөнүү процессин кайрат жана сабыр менен жыйынтыктадыңар. Даярдоо курсу силер үчүн бир босого болчу, андан силер тайманбастык менен өттүңөр. 2025–2026-окуу жылында факультеттерде өз жолуңарды баштайсыңар. Бул жол жөн гана кесиптик билим алуу гана эмес; өзүн таануу, тарыхка кайрылуу жана түрк дүйнөсүнүн келечегине салым кошуу жолу болот.”

Бийик жетишкендиктер инсандык сапат менен бирге болгондо гана из калтырат

Сөзүнүн соңунда бакалаврдык билим алууда ийгилик каалап, “Унутпагыла, жетишкендик — баалуу, бирок ал инсандык сапат менен коштолгондо гана чыныгы из калтырат. Ким экениңерди, кайдан келгениңерди жана эмне максатта кызмат кылып жатканыңарды эч качан унутпагыла. Чет тилдер жогорку мектеби катары эшигибиз силер үчүн ар дайым ачык”, — деди.

Маданияттар аралык майрам: Тил жана искусствонун бириккен жери

Ачылыш сөздөрүнөн кийин даярдоо курсунун студенттери сахнага чыгып, маданияттар аралык майрамдык маанай тартуулашты. Кыргызча, түркчө, англисче, орусча жана кытайча аткарылган ырлар, терең маанилүү поэзиялар жана таасирдүү бийлер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды.

Ар бир көрсөтүлгөн чыгармалар студенттердин тил жаатындагы жетишкендиктерин гана эмес, түрдүү маданияттарга болгон урматын, искусствого жана жалпы баалуулуктарга болгон берилгендигин дагы даана чагылдырды.

Даярдоо курсунун шаңы — академиялык жылдын эле эмес, достуктун жана биргелешип өсүүнүн символу

“Кош бол, даярдоо курсу” программасы жөн гана бир окуу жылынын аякташы эмес; достуктун, эмгектин жана чогуу өсүүнүн маанилүү символу катары катышуучулардын жүрөгүндө унутулгус из калтырды.

    Социалдык медиада бөлүшүү