КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын Ак калпак күнүнө карата куттуктоосу


  • 2026-03-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профоссор Алпаслан Жейлан Кыргызстандын маанилүү маданий күндөрүнүн бири болгон 5-март Ак калпак күнүө карата куттуктоо кайрылуу жасады. Ректор Жейлан билдирүүсүндө: «Кыргыз элинин тарыхый өзгөчөлүгүн, маданий баалуулуктарын жана терең тамырлуу салттарын чагылдырган эң маанилүү белгилердин бири болгон ак калпак — бул жөн гана салттуу баш кийим эмес, ал кыргыз элинин ар-намысын, акылмандыгын жана улуттук биримдик рухун билдирген күчтүү маданий символ болуп саналат. Ар жыл сайын 5-мартта белгиленген Ак калпак күнү бул-байыркы маданий мурастын сакталып, кийинки муундарга жеткирилиши үчүн чоң мааниге ээ.

Ак калпак кылымдар бою кыргыз элинин жашоо образын, баалуулуктар системасын жана коомдук эс тутумун чагылдырган маанилүү маданий белги катары өз ордун сактап келет. Салттуу кол өнөрчүлүктүн, эстетикалык түшүнүктүн жана улуттук өзгөчөлүктүн бир бөлүгү болгон ак калпак ошол эле учурда кыргыз маданиятынын байлыгын жана үзгүлтүксүздүгүн да көрсөтүп турат.

Биз, Кыргыз–Түрк “Манас” университети катары, Кыргызстандын терең тамырлуу маданий мурасын коргоону, жайылтууну жана аны илимий изилдөөлөр аркылуу колдоону маанилүү жоопкерчилик деп эсептейбиз. Университетибиз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бекем бир туугандык байланыштардын дагы бир көрүнүшү катары орток маданий баалуулуктарды сактоого жана аларды жаш муундарга жеткирүүгө өз салымын кошууну уланта берет.

Ушул маанилүү күндүн урматына, биринчи кезекте кыргыз элин, ошондой эле ак калпак салтын сактап, бул маданий мурасты кийинки муундарга өткөрүп келе жаткан бардык жарандарды терең урматтоо менен саламдайм жана Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм».

    Социалдык медиада бөлүшүү