Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызпатент менен кызматташат


  • 2022-02-15

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. 

Меморандумга Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан кол койду.

Келишимге ылайык, тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсү жана жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаеванын жана КТМУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Бул Меморандум интеллектуалдык менчик жаатындагы билим берүү программаларын ишке ашыруу, бул чөйрөдөгү маалыматтык-билим берүү иш-чараларынын маселелери, адистерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана студенттердин практикасын өркүндөтүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкчылыкты бириктирет.

Кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу максатында тараптар интеллектуалдык менчик, анын ичинде автордук укук маселелери боюнча биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, чыгармачылык кечелерди, факультативдерди жана кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууга багытталган тыгыз кызматташууну улантат.

Мындан сырткары, Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева жана инновациялар бѳлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова, автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты жана “Медиа Манастын” түз эфиринде Кыргызпатенттин ишмердиги тууралуу маек курушту.

MEDIAMANAS

https://youtu.be/E7gRuWRYkdY

https://youtu.be/qQSMvSUL7VI

    Социалдык медиада бөлүшүү