“ТҮРК ДҮЙНӨСҮ” ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНГРЕССИ


  • 2022-04-14

Урматуу кесиптештер!!!

Кыргыз –Түрк “Манас” университети жана К.Тыныстанов атындагы Ыссык–Кѳл мамлекеттик университеттери 2022-жылдын 27-29 майында:  “Түрк дүйнѳсү” Эл аралык педагогикалык Конгрессине   катышууга чакырат.

Конгресстин максаты: Түрк дүйнѳсүнүн билим берүү чѳйрѳсүндѳгү илимий  изилдѳѳлѳр, практикалык тажрыйбалар, проблемаларды  ортого коюу, талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу.

 Конференцияга илимий кызматкерлер, жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери, магистранттар, аспиранттар катыша алат.

  Конгресстин  ишине  онлайн формасында да  катышууга болот.

 

Конгрессте кабыл алынган докладдардын тезистери тезис китебинде, докладдардын толук тексттери илимий макала түрүндѳ К. Тыныстанов атындагы Ысык–Кѳл мамлекеттик университетинин “ЫМУнун жарчысы” илимий журналында басылып чыгат. Мындан тышкары, катышуучулардын докладдарынын толук тексттери рецензиялоо процесси аяктагандан кийин конгрессти колдогон эл аралык журналдарда акысыз жарыяланышы мүмкүн.

 

Баяндамалар кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат.

 

Уюштуруучулар:

Кыргыз -Түрк “Манас” университети, гуманитардык факультети, педагогика бөлүмү

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети

 

Конгресстин темалары

 

  • Мугалим даярдоо
  • Билим берүү философиясы
  • Социалдык педагогика
  • Этнопедагогика
  • Билим берүү тарыхы
  • Билим берүү программалары жана окутуу
  • Билим берүүнү башкаруу
  • Окутуунунун натыйжаларын өлчөө жана баалоо
  • Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк
  • Жогорку билим берүү
  • Драма жана билим берүү
  • Компьютер жана билим берүү технологиялары
  • Дистанттык билим берүү
  • Мектепке чейинки билим берүү
  • Башталгыч билим берүү
  • Тилдерге үйрѳтүүнүн теориясы жана методикасы
  • Түрк элдеринин адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы
  • Түрк дүйнѳсүнүн тарыхын окутуу
  • Социалдык –гуманитардык илимдерди окутуунун теориясы жана методикасы
  • Социалдык илимдер

 

 

 

Маанилүү даталар:

Докладдын тезисин жөнөтүүнүн акыркы күнү:                     18.05.2022

Конгресстин программасынын жарыяланышы:                     20.05.2022

Тезистердин жарыяланышы                                                      25.05.2022

Конгресс өтө турган күн:                                                       27-29.05.2022

 

 

УЮШТУРУУ ТОБУ

Ардактуу төрагалар

Проф. Докт. Алпаслан Жейлан           Кыргыз -Түрк “Манас” университетинин ректору

Проф. Докт.  Асылбек Кулмырзаев    Кыргыз -Түрк “Манас” университетинин 1-

проректору

Доцент  Аскарбек Иманбаев               К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин ректору

 

Уюштуруу комитетинин төрагасы

Проф.Др. Ахмет Беше                          Кыргыз -Түрк “Манас” университети, Гуманитардык

факультеттин деканы

Проф. Докт. Акматали Алимбеков     Кыргыз -Түрк “Манас” университети, педагогика бөлүмүнүн башчысы

 

Уюштуруу комитети

Проф. Докт. Күршад Йылмаз

Проф. Докт. Мехмет Ариф Өзербаш

Доц. Докт. Эркан Эфилти

Доц. м.а. докт. Явуз Эржан Гүл

Доцент Нургүл Ишенбекова

Доцент Толкун Асирдинова

Доцент Yпөл  Керимбаевна 

 

Редколлегия

  1. Проф. Докт. Айтунга Огуз                             Күтахия Думлупынар университети, Түркия
  2. Проф. Докт. Эбру Огуз                                  Мимар Синан Көркөм өнөр университети, Түркия
  3. Проф. Докт. Фулия Топчуоглу Үнал              Күтахия Думлупынар университети, Түркия
  4. Проф. Докт. Хасан Басри Мемдухоглу          Сиирт университети, Түркия
  5. Проф. Докт. Хасан Йылмаз                            Нежметтин Эрбакан университети, Түркия
  6. Проф. Докт. Мехмет Барыш Хорзум              Сакария университети, Түркия
  7. Проф. Докт. Мурат Ташдан                            Карс Кафкас университети, Түркия
  8. Проф. Докт. Надир Челикөз                           Йылдыз техникалык университети, Түркия
  9. Проф. Докт. Рүштү Йешил                             Сакария университети, Түркия
  10. Проф. Докт. Селахаттин Авшароглу              Нежметтин Эрбакан университети, Түркия
  11. Проф. Докт. Шенай Сезгин Нартгүн              Болу Абант Иззет Байсал университети,
  12.  
  13. Проф. Докт. Тунжер Бүлбүл                           Тракия университети, Түркия
  14. Проф. Докт. Татьяна Петрова                        Чуваш мамлекеттик педагогикалык

      университети, Россия Федерациясы

  1. Проф. Докт. Иннокентий Готовцев                Чурапчин мамлекеттик институту, Россия
  2. Проф. Докт. Илхамия Галимзиянова             Казань мамлекеттик консерваториясы,
  3.  
  4. Проф. Докт. Ойнисо Мусурмонова                Низами Ташкент мам-к пед-к университети,
    •  
  5. Проф. Докт. Рохат Сафарова                          Кориниязи Өзбек илим-изилдөө институту,
    •  
  6. Проф. Докт. Холбой Ибрагимов                    Өзбек мам-к дүйнөлүк тилдер университети,
    •  
  7. Проф. Докт. Нурсулуу Алгожаева                  Аль-Фараби Казак мамлекеттик

      университети, Казакстан

 

  1. Доц. Докт. Мухаммедрахим Курсабаев          Абай мамлекеттик педагогикалык

       университети, Казакстан

  1. Доц. Докт. Флора Хабибуллина                     Мари мамлекеттик университети, Россия
  2. Доц. Докт. Инабат Даминова                          Ош мамлекеттик педагогикалык

                                                                       университети, Кыргызстан

  1. Доц. Докт. Асийе Токер Гөкче                       Кожаели университети, Түркия
  2. Доц. Докт. Хамит Өзен                                  Эскишехир Османгази университети,

Түркия

  1. Доц. Докт. Рамазан Гөк                                  Акдениз университети, Түркия
  2. Доц. Докт. Айнур Бозкурт Бостанжы             Ушак университети, Түркия

 

  1. Ага окутуучу докт. Икрам Чынар                  Кафкас университети, Түркия
  2. Ага окутуучу докт. Үмит Полат                     Өмер Халис Демир Нигде университети, Түркия
  3. Ага окутуучу докт. Серкан Арык                   Күтахия Думлупынар университети, Түркия
  4. Ага окутуучу докт. Эрен Кесим                     Анадолу университети, Түркия

 

  1. Докт. Мустафа Челик                                       Күтахия Думлупынар университети, Түркия
  2. Докт. Инжи Өзтүрк Эркочак                             Анкара университети, Түркия
  3. Проф. докт. Аида Абдыкеримова                   К. Тыныстанов атындагы ЫМУ
  4. Проф. докт.  Бакыт Калдыбаев                       К. Тыныстанов атындагы ЫМУ
  5. Доц. Гүлайым Абыласынова                           К. Тыныстанов атындагы ЫМУ

   

 

Секретариат

Ассистент Арген Жумгалбеков (+996 709 030 161)

Ага окутуучу Сайрагүл Акмолдоева

 

Тезистердин жөнөтүлүшү

Конгресске сунуштала турган тезистерди кыргыз, түрк, орус же англис тилдеринде egitimkongre2022@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө болот. Тезис китеби электрондук форматта даярдалат. Конгресске катышуу акысыз. Конгресске жөнөтүлө турган бардык тезистер төмөндөгү форматта даярдалышы шарт.

 

Жазуу эрежелери

Конгресске жөнөтүлгөн баяндамалардын тезистери 250 сөздөн ашпоосу  керек. Microsoft Word, Times New Roman, 12, бирдик сап аралыгында, эки тарапка тегизделген. Кагаз бетинин четки талаалары: сол тараптан - 3 см; оң, жогорку, төмөнкү тараптан – 2 см, абзацтык кириш – 1,25 см. Тезистин темасы кагаз бетинин ортосунда баш тамгалар менен жазылат. Автор(-лор)дун аты-жөнү теманын астында 1 сап боштук ташталып, оң тарапка жазылат жана тийиштүү болгон мекеменин аталышы да белгиленет.

 

Толук тексттин жөнөтүлүшү

Баяндамалардын толук тексттери конгресс тарабынан талап кылынган жазуу эрежелерине ылайык даярдалып жөнөтүлүүсү шарт. Эрежеге ылайык даярдалбаган толук тексттер кароого алынбай тургандыгын эскертебиз.

 

Жазуу эрежелери

1.Жарыяланган материалдарда УДК, авторлор жөнүндө маалыматтар, алардын иштеген жери жана электрондук дареги көрсөтүлөт;

 

2.Бардык жарыяланган илимий макалалардын библиографиялык тизмелери, учурдагы ГОСТ же АРА (American Psychological Association) тарабынан каралган талаптардын негизинде басып чыгаруу эрежелерине ылайык түзүлүшү керек.

 

3.Илимий макаланы жарыялоодо кыргыз, орус жана англис тилдеринде ачкыч сөздөр (5-10 сөздөн кем эмес) жана аннотациялар (кеминде 100-250 сөз) болушу милдеттүү;

 

4.Макалалардын тексти 5 беттен кем эмес (шрифт - Times New Roman, шрифттин өлчөмү - 12; интервал - 1,0; четтери - 4 тараптан - 2,5 см) электрондук жана басма түрүндө;

 

5.Рецензенттер илимий макалаларга рецензенттин кол тамгасы менен уюмдун мөөрү менен бекитилет (электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөндө сканерленген версиясын көрсөтүңүз);

    Социалдык медиада бөлүшүү