Маданиятты жана искусствону колдоо - келечекти колдоо


  • 2022-04-06

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Курманжан Датка кѳркѳм ѳнѳр галереясында Кыргыз Республикасынын Эл сүрѳтчүсү, профессор Сүйүтбек Төрөбековдун “Живопись мотивдери” аттуу жеке сүрѳт кѳргѳзмѳсү ачылды.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да катышты. Профессор Сүйүтбек Төрөбеков ыраазычылык иретинде университеттин ректоруна өзүнүн чыгармалар жыйнагы китебин белек кылды.

Курманжан Датка сүрөт галереясы - 2021-жылдын 8-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Н.Билал Эрдогандын катышуусунда чыгармачыл инсандардын, авторлордун ишмердигин жана кесипкѳй искусствону ѳнүктүрүү жана аны колдоо максатында ачылган.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4249-nl-ressam-zlenimler-sergisiyle-manasta.html

    Социалдык медиада бөлүшүү