Салттуу элечектин түрлѳрүнүн кѳргѳзмѳсү ѳтүп жатат


  • 2022-05-11

Бүгүн, 11-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде салттуу билимдин улантуучусу, этно-дизайнер Асель Калканованын "Салттуу элечектин түрлөрү" аталышындагы көргөзмөсү ѳтүп жатат. Кѳргѳзмѳ 17-майга чейин уланат.

Кѳргѳзмѳнүн башкы максаты - кыргыз элинин улуттук кийими, анын ичинде энелерден калган эзелки элечектин тарыхы жана анын тарыхтагы маанисин жаштарга таанытуу болуп саналат.

Студенттердин этно-маданиятка кызыгуусун арттырган бул иш-чара университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевдин адаттан тыш  кызыл жип (боо) чечүүсү менен ачылды. 

Иш-чаранын башталышында сөз алган биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Улуттук баш кийимдер биздин мурас. Алар бизге адамдын кайсы  кыргыз уруусуна таандык, кайсы региондон экенин билдирип, жаш-курагы, социалдык статусу жөнүндө маалыматтарды берип, оймо-чиймелери, алардын түсү  аялдардын канча балалуу экени туурасында да кабар берип турат.  Ушундай улуттук баш кийимдерди, жалпысынан этно баалуулуктарды жайылткан, ата-мекенин сүйгөн жаш адистерибиз көп чыксын. Бул ата-бабадан калган керээзибизди башка улуттагы студенттерибиз менен да бөлүшүүнү каалайбыз”, - деген оюн билдирди.

 Ал эми ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз кезегинде катышуучуларды тарыхын-тамырын, маданиятын мыкты билүүгө, жайылтууга, маңкуртташпоого чакырып, аны менен катар: “Максатыбыз- улуттук маданиятты өнүктүрүү. “Манас” университети кыргыз ордосу болсун” - деген тилегин айтты.

Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында баш байгени багындырган этно дизайнер Асель Калканова иш-чарага өзүнүн чакан тобу менен келип, комузчуларынын коштоосунда элечек кантип жасалаарын көрсөтүп берди. 2011-жылдан бери Памирден тартып, Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, кыргыз аялзатына тиешелүү болгон элечекти изилдеп келе жаткан этно дизайнер Медиа Манаска берген маегинде төмөнкүлөргө токтолду: “Элечек бизге энелердин табериги. Учурда элечектин 18 түрү бар. Аны турмушка чыккан кыргыз аялдары кие алат. Бул изилдөөбүз алкагында Түркия, Индия, Япония сыяктуу бир топ чет өлкөлөрдө дагы ийгиликтерди жаратып келатабыз”,- деди.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин Асель Калканова жана “Ибарат” комузчулар тобунун ар бир мүчөсү КТМУнун жетекчилиги атынан сертификаттар менен сыйланышты.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4333-krgz-kltrnn-nemli-unsuru-eleek-manasta-tantld.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү