Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 2022-2023 окуу жылына кабыл алынган чет өлкөлүк абитуриенттердин тизмеси


  • 2022-09-09

Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 2022-2023 окуу жылына кабыл алынган чет өлкөлүк абитуриенттердин тизмеси

 

Урматтуу абитуриент!

Куттуктайбыз!

Сиз Кыргыз-Түрк «Манас» университетине студент катары кабыл алууга сунушталдыӊыз.

Студент катары кабыл алынууну каалагандыгын тастыкташы үчүн 2022-жылдын 12-19 сентябрь күндөрү  http://kattoo.manas.edu.kg веб-баракчасында милдеттүү каттоодон өтүӊүз.

Логин катары сиздин тизмеде корсотулгон номеринизди колдоносуз, паролу да сиздин туулган күнүӊүз болот.

Мисалы: логин 22070001, пароль 30092004

Эгерде Сиз жогоруда көрсөтүлгөн сайтта катталбасаӊыз анда университетке кабыл алынды деп эсептелбейсиз.

 

Кабыл алынган студенттер төмөндө көрсөтүлгөн документтерди студенттик бөлүмгө тапшырууга милдеттүү:

 

  • Аттестаттын (дипломдун) түп нускасы жана көчүрмөсү;
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Жашаган жеринен маалымкат;
  • 4 даана түстүү фото сүрөт (3х4 өлчөмүндө);
  • Аскерге милдеттүүлүк күбөлүгүнүн/аскердик билетинин көчүрмөсү;
  • Жетим абитуриенттер үчүн атасы же энеси өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Майып абитуриенттер үчүн майыптыгын тастыктаган маалымкат;
  • 200 сом (студенттик билет үчүн).
  • Эгерде аттестат(диплом) чет тилде болсо, анда нотариустан тастыкталган орус тилиндеги котормосу;
  • Эгерде паспорту чет тилде болсо, анда нотариустан тастыкталган орус тилиндеги котормосу;
  •  Россия Федерациясы, Казакстан жана Таджикистан Республикасынын жарандарынан сырткары жарандар болсо аттестаттарынын нотариустан тастыкталган орус тилиндеги котормосу.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаган студенттер университеттен ЧЫГАРЫЛАТ !!!

 

Сурап-билүү телефону : +996 505 30 09 95

Тилден бошотуу, жетиштүүлүк жана тил билүү деңгээлин аныктоо сынагы

 

Тили

Күнү

Окууп түшүнүү

Угуп түшүнүү

Эссе

Оозеки сынак

1

Кыргызский

14.09.2022

10.00-11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

2

Турецкий

16.09.2022

10.00-11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

 

Кыргыз тилинен сынакка катталыш үчүн 12-сентябрь 17.30га чейин hazirlik.kirgizca@manas.edu.kg электорннук дарегине кайрылышынар керек.

 

Түрк тилинен сынакка катталыш үчүн 12-сентябрь 17.30га чейин hazirlik.turkce@manas.edu.kg электорннук дарегине кайрылышынар керек.

 

 

ЖАТАКАНАГА ЖАЙГАШУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

 

  • Студенттик маалымкат (Студенттик иштер бөлүмүндө берилет. Экономика жана башкаруу факультетинин корпусу, 1-кабаттан же ОБИС системасынан алсаңыздар болот)
  •  Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттер аталган маалым катты өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында)
  • COVID-19 эмдөө сертификатынын болуусу (эмдөөнүн соңку дозасы, акыркы 6 айдын ичинде алынган болушу керек).
  • Жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 6 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккан студенттердин ооругандыгы тууралуу расмий маалым катынын же COVID-19 ПЧР тестинин (ПЦР тести) “бар” (позитивдүү, оң) жыйынтыгынын болушу.
  • Эмдөөдөн өтпөгөн студенттердин (ден соолугуна байланыштуу эмдөө ала албаган) жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 ПЧР тестин (ПЦР тести) тапшыруусу.
  • Депозит (2500 сом) жана турак акысы (жылдык 11400 сом)
  •  2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)
  • Паспортунун көчүрмөсү
  • 2 файл
  •  Мамлекеттик каттоо кызматынан жашаган жеринен маалымкат (выписка) – КР жарандар үчүн
  • Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)
  • Окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты
  • Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.
 
    Социалдык медиада бөлүшүү