ЧЕТ ТИЛДИ (АНГЛИС ТИЛИ, ОРУС ТИЛИ, НЕМИС ТИЛИ) БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ RSC 003 КОДДУУ ОРУС ТИЛИ САБАГЫ БОЮНЧА ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР


  • 2022-09-09

Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү жана сааты: 23-сентябрь, 2022-жыл, Саат: 17.00 (Кыргызстан убактысы боюнча)

2022-2023-окуу жылында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2022-жылдын 24-25-сентябрында өткөрүлө турган Күзгү семестрдагы чет тил сабактары (англис тили, орус тили, немис тили) боюнча тил билүү деңгээлин аныктоо жана тилден бошотуу сынактарына, ошондой эле RSC 003 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

      СЫНАКТЫН

     КҮНДӨРҮ

ТҮРҮ

УБАКТЫСЫ

24- СЕНТЯБРЬ

2022-Ж.

Чет тилди

билүү деңгээлин аныктоо

жана  

чет тилден бошотуу сынактары

Англис тили

İNG-101 (орто кесиптик билим берүү программалары КЖМ)

11.00 – 12.00

İNG 111

11.00 – 12.00

Орус тили

RSC 100 (орто кесиптик билим берүү программалары КЖМ)

12.00 – 13.00

RSC 103

13.00 – 14.00

Немис тили

-

14.00 – 15.00

25-СЕНТЯБРЬ 2022-Ж.

RSC 003 коддуу орус тили сабагы тилден бошотуу сынагы

Орус тили

RSC-003

12.00 – 13.00

           
 

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Чет тилден бошотуу сынактарына (İNG 111 / İNG 101 коддуу сабактар үчүн) 2021-2022-окуу жылында жана 2022-2023-окуу жылында «Манас» университетине тапшырып, Тил даярдоо программаларынын түрк жана англис тили сабактарынан (бөлүмдөргө карата) бошотулган бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.

Чет тил катары окутулган RSC-103 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына чет өлкөлүк бакалавр программасында билим алган 1-курсттун студенттери, ал эми  RSC-100 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программасында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.

RSC-003 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттеринен башка (Кесиптик жогорку мектептин бөлүмдөрүнө катталган Даярдоо курсунун студенттери), милдеттүү түрдө орус тилин окуусу керек болгон Кыргызстандын жарандары, тагыраак айтканда даярдоо курсунун жана ошондой эле бакалавр программасынын студенттери катыша алат.

Немис тилинен бошотуу сынагына немис тили сабагын окуй турган студенттер катыша алат.

 

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынактары (англис тили, орус тили, немис тили), ошондой эле RSC-003 коддуу орус тили сабагынан бошотуу сынактары онлайн форматта, Google Classroom программасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

 

 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

            Өткөрүлө турган сынактарга катышкысы келген студенттерибиз 2022-жылдын 23-сентябрына, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта сынакка кире турган тилге тиешелүү координаторлуктун (manas.edu.kg аталышындагы) электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

Англис тили координаторлугу

ydb.ingilizce@manas.edu.kg

Орус тили координаторлугу

ydb.rusca@manas.edu.kg

Немис тили координаторлугу

ydb.almanca@manas.edu.kg

 

Эскертүү: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Тил даярдоо программасы боюнча билим берүү жана сынак нускамасынын 10-статиясынын «б» пунктуна ылайык, тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.

Арыздын үлгүсү

Dilekçe Örneği

    Социалдык медиада бөлүшүү