КТМУда Түркиянын Республика күнү белгиленди


  • 2022-10-28

Түркия Руспубликасынын негизделишинин 99 жылдыгы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде да кубанычтуу белгиленди.

Иш-чара курман болгондордун урматына бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан кийин эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырып, “Республика күнү” аттуу даректүү тасмасы кѳрсѳтүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилери, университеттин академиялык жана административдик жамааты, студенттер, ошондой эле кыргыз жана түрк коомчулугун ѳкүлдѳрү катышты.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Түркиянын Республика күнү менен куттуктап, мындан туура 99 жыл мурда ушул күнү түрк эли биригип, ѳлкѳнүн ѳнүгүшү үчүн демократиялык баалуулуктарга умтулуп, Түркия Республикасы деп жарыяланышы Түркиянын тарыхында унутулгус күн экенин жана Түркия мамлекетинин негиздѳѳчүсү Мустафа Кемаль Ататүрк акылмандыгы жана эрдиги менен мекенин кыйын кырдаалдан куткарып, ѳлкѳ тагдырын толугу менен ѳзгѳрткѳнүн, Мустафа Кемал Ататүрктүн осуяттары жана идеялары азыркы күндѳ дагы Түрк элинин жыргалчылыгына жана ийгиликтүү ѳнүгүшүнѳ кызмат кылып жатканын белгиледи.

Иш-чара көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган концерттик программа менен соңуна чыкты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4588-manasta-cokulu-cumhuriyet-bayram-kutlamas.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү