2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ


  • 2022-12-23
Факультети Бөлүмү/Программасы Кызматы Талаптар Саны
Гуманитардык факультет Педагогика доцент Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; педагогика багыты боюнча доктордук даражага ээ болуу; этнопедагогика менен Кыргызстандын билим берүүсүнүн тарыхы боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Тарых профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; түрк археологиясы, түрктөрдө шаар куруу жана түрк маданияты боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Түркология доцент Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; азыркы кыргыз адабияты жана эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз тарыхый романдарын жазуу боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Табигый илимдер факультети Биология профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; морфология багытында доктордук даражага ээ болуу; цитология, гистология, анатомия жана иммунология боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Колдонмо математика жана информатика доцент Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; колдонмо математика жана информатика багытында доцент даражасын алуу; онлайн билим берүү, социалдык медиа жана оюндар боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү болуу; математика багытында доктордук даражага ээ болуу; сингулярдуу козголуу маселелери жана асимптотикалык чечимдер боюнча эл аралык илимий эмгектери болушу керек. 1
Коммуникация факультети Коом менен байланыш жана жарнама доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; коммуникация багыты боюнча доктордук даражага ээ болуу; коом менен байланыш, коом менен стратегиялык байланыш, санариптик медиа, социалдык медиа боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Радио, телекөрсөтүү жана кинематография доцент Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; коммуникация багыты боюнча доктордук даражага ээ болуу; коммуникация жаатында доцент даражасына ээ болуу; телекөрсөтүү, коммуникация этикасы жана коммуникациянын социологиясы боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Ветеринария факультети Ветеринария профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; ветеринария факультетинин бүтүрүүчүсү болуу; алкиддик чайырды колдонуу менен пластинация ыкмасы боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; ветеринария факультетинин бүтүрүүчүсү болуу; кыргызстанда айыл чарба жаныбарларынын мителери боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Айыл чарба факультети Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; айыл чарба факультетинин бүтүрүүчүсү болуу; мөмө-жемиш өсүмдүктөр багытында магистр даражасына ээ болуу; жемиш өстүрүү жана жаңы сортторун чыгаруу боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1

Арыздарды кабыл алуу тартиби: Арыздар жарыя берилген күндөн тартып 15 (он беш) күндүн ичинде (2022-жылдын 23-декабры - 2023-жылдын 06-январы) КТМУнун Кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Почта жана/же электрондук дарек аркылуу жиберилген арыздар өз мөөнөтүнөн кечигип келген учурда Кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды Кадрлар башкармалыгынан билүүгө болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор, доцент жана доценттин м.а. кызмат орду үчүн: арыз*, өмүр баян, жогорку билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат. Ага окутуучу кызмат орду үчүн: арыз*, өмүр баян, жогорку билимин тастыктаган дипломдор (докторантура/ магистратура/ бакалавр даражасындагы), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, ректораттын имараты, Кадрлар башкармалыгы (каб.: 112), Бишкек/Кыргызстан.
Электрондук дарек :  bilgi.personel@manas.edu.kg (Талап кылынган бардык документтерди э-почта аркылуу жөнөтсөңүз болот).
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 19 35.
Эскертүү: Талапкерлердин документтери “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент жана профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын”  жана "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (http://manas.edu.kg)  негизинде каралат. Талапкер жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.
*Арыздын үлгүсүн (http://www.manas.edu.kg/index.php/dokumanlar) ала аласыз.

    Социалдык медиада бөлүшүү