Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттери


  • 2023-02-07

2023-жылдын 6-февралында саат 04:17де дос жана боордош Түркияда күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Бул жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу аракети көрүлүп жаткан учурда, ошол эле күнү саат 13:24тө күчү 7,6 баллга жеткен дагы бир катуу жер титирөө катталды.

Түркиядагы адистер жер титирөөнүн күчү 130га жакын атомдук бомбага барабар экендигин белгилешет жана расмий булактарда 15 миллионго жакын адамдын жабыр тартканы айтылат. Бул күчтүү жер титирөөнүн бир аймакта кыска аралыктын ичинде катары менен эки жолу катталышы, кыш мезгилинде болушу жана географиялык жактан чоң аймакка таасир этиши бул зилзаланы толук мааниде апааттын бири катары мүнөздөөгө туура келет. Ушул себептен жер титирөө Түркия Республикасынын тарыхындагы эң чоң апаат катары каралып, Түркия Республикасында 2023-жылдын 12-февралына чейин улуттук аза күтүү жарыяланды. 

Жер титирөө болгондон бери Түркияга дүйнөнүн төрт тарабынан жардам жана көңүл айтуулар келүүдө. Боордош Кыргызстан да, жер титирөөдөн жапа чеккен түрк элине жардам көрсөтүүгө салым кошуп, Президент Садыр Жапаров мырзанын буйругу менен издөө жана куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Түркияга 63 адамдан турган топ жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай кырдаалда жана тармакта эки өлкө бири-бирине көрсөтүп келген биримдик жана тилектештик Түркия Республикасынын бул оор күнүндө дагы бир жолу бекемделип, Кыргызстан ушул өтө оор мезгилде боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөт. Бул жардам түрк калкынын ушул апаатты жеңүүсүнө өбөлгө болоору шексиз.

Учурдан пайдаланып, жер титирөөдө каза болгон боордош туугандарыбызга Алладан ырайым, жарадар болгондордун тез сакайып кетишин жана урандылардын астында калгандарга чыдамдуулук тилейбиз.

 

                                Ректорат

    Социалдык медиада бөлүшүү