Александр фон Гумбольдт фондунун стипендиясы тууралуу маалымат берилди


  • 2023-03-13

2023-жылдын 13-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жана жаш окумуштуулары үчүн Александр фон Гумбольдт фондунун стипендиясы тууралуу маалымат берилди.

Программанын талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу фонддун демөөрчүлүк жана тармактык бөлүмүнүн Азия регионунун башчысы, доктор Катя Ян маалымат берди.

Мындан тышкары Катя Ян “Манас каналы” телеканалынын түз эфиринин коногу болуп, фонддун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

 

Маалымат: Alexander von Humboldt Foundation стипендиясы

Александр фон Гумбольдт Фондунун алдыга койгон негизги милдеттеринин бири мамлекеттер ортосундагы маданий өз ара аракеттенүүнү жана диалогду колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Германиянын Федералдык Өкмөтү тарабынан түзүлгөн жана Германиянын Тышкы иштер министрлиги менен Билим берүү жана Изилдөө министрлиги тарабынан каржыланган Александр фон Гумбольдт Фонду (немецче: Alexander von Humboldt-Stiftung) Германиянын жана башка өлкөлөрдүн илимпоздорунун академиялык кызматташтыгына көмөктөшөт. Ал немис окумуштуусу Александр Гумбольдттун ысмын алып жүрөт, анын замандаштары аны эрудициясы үчүн «ХIХ кылымдын Аристотели» деп аташкан.

Жыл сайын конкурстук негизде Фонд 700дөн ашык илимий стипендияларды ыйгарат, сынакка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар катыша алат, тандоо критерийи – талапкердин жогорку илимий деңгээли. Стипендия мөөнөтү 24 айга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен 6-12 ай. Стипендия программалары менен белгилүү болгон Германияда Фонддун стипендиялары эң абройлуулардын катарына кирет. Фонддун дүйнөлүк илимге тийгизген таасирин баалоого болбойт. Ал ѳзүнүн иштеп жаткан мезгилинин ичинде дүйнѳнүн жүздѳн ашык ѳлкѳлѳрүнүн он миңдеген окумуштууларына колдоо кѳрсѳтүп келген. Александр фон Гумбольдт Фонду өзүнүн стипендиаттары жана илимпоздору менен байланышты сактап, алардын немис кесиптештери менен байланышты сактоодо жана өнүктүрүүдө аларга колдоо көрсөтүүсү маанилүү. Ошентип, бир кезде фонддун стипендиаты менен сыйланган окумуштуу Александр фон Гумбольдт атындагы фонддун стипендиаты деген наамын түбөлүккө сактап калат.

Жыл сайын Фонд келечектеги лидерлерге 15ке чейин эл аралык климатты коргоо стипендиясын жана докторантурадан кийинки изилдөөчүлөргө бешке чейин сыйлык берет. Стипендиялар Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты коргоо, өзөктүк коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча федералдык министрлигинин Эл аралык климаттык демилгеси (BMUV) тарабынан каржыланат.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4878-manasta-alexander-von-humboldt-vakf-burslar-tantld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү