Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына 41 жыл болду


  • 2023-03-15

2023-жылдын 15-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде этникалык кыргыздардын Түркиянын Ван аймагына көчүп келгенинин 41 жылдыгына жана Рахманкул Хандын элесине арналган “Рахманкул хан жана Түркия/Улуу Памир кыргыздары” деген аталышта иш-чара болуп ѳттү.

Бул иш-чара Түркия Республикасынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин, ТҮРКСОЙ, Кыргыз-Түрк маданият жана тилектештик коому жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага Түркиянын Ван аймагында жашап жаткан кыргыздардын ѳкүлдѳрү, Рахманкул хандын уулу жана неберелери, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ѳкүлдѳрү, университеттин жетекчилиги жана окумуштуулар жамааты катышып, улуу Памир кыргыздарынын тарыхы, Рахманкул хандын элине кылган кызматы, алардын Ооганстандан Түркияга кѳчүп баруусу жана ал жактагы жашоосу тууралуу баяндамалар жасалды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында памирлик кыргыздардын тарыхына арналган фотокөргөзмө, кыска метраждуу даректүү тасма жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышкан панелдик талкуу уюштурулду.

Жыйындын ачылыш сѳзүндѳ университеттин тышкы байланыштар боюнча координатору, профессор Кемал Полат иш-чара Түркия Республикасынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында этникалык кыргыздардын Түркиянын Ван аймагына көчүп келгенинин 41 жылдыгына жана Рахманкул Хандын элесине арналып  уюштурулганын айтты.

Андан кийин окуу жайдын проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк биз үчүн Улуу Памир жана Рахманкул хан ѳзгѳчѳ мааниге ээ. Бул иш-чаранын максаты ѳткѳн тарых барактарында калган кыйынчылыктарга саресеп салуу деди.

ТҮРКСОЙ уюмунун ѳкүлү, профессор Канат Мамбеталиев ѳз сѳзүндѳ Улуу Памир кыргыздарына эң оор кезде биринчилерден болуп жардамга колун сунуп Ван аймагына кѳчүрүп келип, бардык шартты түзүп берген түрк мамлекетине терең ыраазычылык билдирди.

Бул иш-чарага Рахманкул хандын уулдары жана неберелери да келип катышып олтурушту. “Атам Рахманкул хан Кыргызстан эгемендүүлүккѳ ээ болсо, ал  жакка кыргыздарымды алып барсам ата-журттун топурагынан бир жыттасам деген улуу тилеги бар болчу. Бирок тилекке каршы Кыргызстандын азаттыкка ээ болгонун кѳрбѳй кетти. Атам каза болгондон бир жылдан кийин Кыргызстан азаттыкка ээ болду. Атам Рахманкул хандын аруу тилегин бүгүн биз анын урпактары кѳрүп олтурабыз. Биз силерди абдан жакшы кѳрѳбүз!”, - деди кѳзүнѳ жаш ала сүйлѳгѳн Рахманкул хандын уулу Мухаммед Аруф Кутлу.

Иш-чаранын соңунда жыйындын катышуучуларына ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4881-rahmankul-han-ve-ulupamir-krgzlar-le-lgili-panel-dzenlendi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү