18-март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале жеңиши.


  • 2023-03-17

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсү!

“Чанаккале” - 108 жыл мурун түрк элинин эрдигин, эгемендүүлүккө болгон умтулуусун жана мекенге болгон сүйүүсүн бүткүл дүйнөгө тааныткан тарыхтагы эң маанилүү баатырдык салгылаштардын бири. Арадан жылдар өтсө да, ар дайым түрк элинин жүрөк түпкүрүндө турган, элеси элдин эсинде сакталып калган, ар дайым толкундануу менен эскерилген кайраттуулуктун жана улуу күрөштүн үлгүсү. Чанаккале – түрк элинин өз мекенин коргоого жана көз карандысыз жашоого чечкиндүүлүгүн көрсөткөн, улут катары майтарылбас эрктүүлүгүн далилдеген, боштондук үчүн күрөшүүнүн оту жанган жеңиш. Ата-бабаларыбыздан калган мурасты сактоо, Чанаккаледе жетишкен жеңиштеги толкундануу сезимин жана көрсөтүлгөн чечкиндүүлүктү көкүрөктө бекем тутуу,  ыйык Мекенибизди коргоо, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүү - биздин милдетибиз.

Ушул маанилүү күндө 18-март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин жылдыгы менен куттуктап, Мекенибизди бизге аманатка калтырган Мустафа Кемал Ататүрктү, анын куралдаш жолдошторун, Чанаккале согушунун  шейиттерин жана Мекенибиздин бөлүнгүс бүтүндүгүн, элибиздин тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жанын аябаган бардык шейиттерибизди терең ыраазычылык менен эскеребиз. Жандары жаннатта болсун.

        Э.и.к. Бактыгүл Каламбекова                                          Проф., докт. Алпаслан Жейлан

                  Биринчи проректор                                                                          Ректор

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү