Коммуникация факультетинде эл аралык илимий-практикалык студенттик конференция өттү


  • 2023-03-16

2023-жылдын 16-17-март күндѳрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана «PRaspect» компаниясы менен биргеликте уюштурган «Жоогазын» Улуттук жарнама жана PR фестивалы ѳткѳрүлдү.

Иш-чаранын максаты – жарнама жана PR тармагында билим алып жаткан студенттерди иш берүүчүлѳр менен байланыштыруу жана теориялык билимин практика жүзүндѳ ишке ашыруу.

Фестивалга Кыргызстан, Россия жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын студенттери онлайн жана офлайн режимде катышты. 

Фестивалдын алкагында 16-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Заманбап дүйнөдөгү санариптик коммуникациялардын трансформациясы” аталышында эл аралык илимий-практикалык студенттик конференция болду. Конференцияда жалпысынан 50 баяндама окулду.

Конференциянын ачылышында университеттин проректору, коммуникация факульетинин деканынын м.а, профессор Мехмет Сезаи Түрк: «Биз тынымсыз өзгөрүп, өнүгүп жаткан технология менен калыптанган доордо жашап жатабыз. Тилекке каршы, студенттерден талап кылынган маалымат да, технологияны колдонуу да, компетенциялар да күн санап өзгөрүүдө. Азыр баары санарипке айланып, биз санариптик жарандарга, санарип студенттерге айландык. Бул жагдай өзгөрүүгө дайыма көнүүнү талап кылат. Тарыхый маалыматтар албетте, абдан маанилүү. Бирок жаңы доордун тенденциясына туруштук бере албагандар келечекте маанилүү кызматтарды ээлей алышпайт. Ошондуктан биз студенттерибиздин окуу программаларын, жабдууларын жана жаңы иштеп чыгууларын дайыма талкуулап турабыз. Замандын талабына жараша адистерди даярдайбыз. Бул жагынан алганда “Жоогазын” фестивалы жарнама жана PR адистери үчүн мыкты аянтча болуп ѳз салымын кошууда”, - деди.

Иш-чараны улай 17-мартта  коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн “23/32 PM” командасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети тарабынан уюштурулган Улуттук жарнама жана PR фестивалына катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Студенттер "Конференция", "Кейс" жана "Дебат" аталышында үч категория боюнча салышкан.  

Коммуникация факультетинин берген маалыматына ылайык, «Манас» университетинин студенттери “Заманбап дүйнөдөгү санариптик коммуникациялардын трансформациясы” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык студенттик конференцияда эки биринчи, эки экинчи даражадагы диплом жана бир үчүнчү даражадагы дипломго ээ болушту. «Дебат» категориясында коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери баш байгеге ээ болушту. «Кейс» категориясында коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Конституциялык сот жана "Лизинг Экспресс" компаниясы тарабынан берилген кейстерге эң мыкты чечимдерди сунуш кылганы үчүн биринчи орунга ээ болушту. Жеңүүчүлѳргѳ “Лизинг Экспресс” тарабынан 20 миң сом акчалай сыйлык берилди.

    Социалдык медиада бөлүшүү