Бак-дарак отургузуу иш-чарасы Түркиянын 100 жылдыгына арналды


  • 2023-03-24

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бак-дарак отургузуу иш-чарасы ѳтүп, ага университеттин жетекчилери, окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жарыяланган “Жашыл Мурас” улуттук ѳнѳктүгүнѳ жана Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналды.

Жалпысынан Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын аймагына 200 даана бак-дарактын кѳчѳтү, тагыраак айтканда инженердик факультетинин окутуучулар жамааты тарабынан 100 даана арчанын кѳчѳтү жана айыл чарба факультетинин окутуучулары тарабынан 100 даана кут дарагы (Павловния) отургузулду.

 Иш-чаранын максаты - кампус ичин жашылдандыруу менен ѳлкѳнүн келечегин жашылдандырууга салым кошуу жана бак-дарактарды отургузуу, аларга кам көрүү аркылуу жаш муундарга экологиялык баалуулуктарды, жаратылышка аяр мамиле кылууну үйрөтүү болуп саналат.

Иш-чарада окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Быйылкы бак-дарак отургузуу иш-чарасы жаз айында салтка айланып калган “Ар бир мугалимден – бир кѳчѳт” чакырыгынын негизинде окуу жайыбыздын окутуучуларынын атынан отургузулуп жатат. Кампуска из калтыруунун бир ѳрнѳгү да жашылдандыруу болуп эсептелет. Биз бак-дарак отургузуу жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү менен университетибизди дагы да көрктөндүрүп көркүнө чыгарабыз”, - деди.

Ал эми биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова окуу жайдын окутуучулары менен биргелешкен жакшы иш-чара ѳтүп жатканын баса белгилеп, университеттин жашыл кампуска айлануу аракетинин аркасында келечекте жаңы отургузулган кѳчѳттѳр шаарга кѳрк берип, ѳлкѳбүзгѳ ѳз салымын кошот деген тилегин билдирди.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4897-100-yl-etkinlikleri-kapsamnda-aa-dikildi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү