АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВДУН ЖАҢЫ ИЙГИЛИГИ


  • 2023-03-25

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу, акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов "Агыш түн" аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты болду. Аталган сыйлык 23-мартта Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары, комиссия мүчөлөрү, эл жазуучулары, эл акындары, маданият ишмерлери катышты.
Эске салсак, Алтынбек Исмаилов өткөн жылы Түркия Республикасынын Жазуучулар союзунун Сезайи Каракоч атындагы адабий сыйлыгына жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына ээ болгон.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/4906-manasl-air-smailova-yeni-dl.html

    Социалдык медиада бөлүшүү