“Манас” университети Кыргызстандын ӨКМ министри Бообек Ажыкеев баштаган куткаруучулар тобун коноктоп, ыраазычылык билдирди


  • 2023-03-30

Үстүбүздѳгү жылдын 30-мартында Түркиядагы зилзалада изилдѳѳ-куткаруу иштерин жүргүзүүгѳ барган Кыргызстандын Өзгѳчѳ кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев баштаган куткаруучулар тобу Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келишти.

Министр Бообек Ажыкеевди коштоп КРнын Өзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери министрдин орун басары Азамат Мамбетов, министрдин кеңешчиси Азат Боталиев, министрликтин медицина бөлүмүнүн башчысы Айпери Эрнстова, Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Талантбек Батыралиев, капитан Ырысбек Жолдошбаев, лейтанант Темирлан Жумамүдүнов, сержант Чыңгыз Жумабеков келишти. Ошондой эле Түркияга барган издѳѳ иштерине үйрѳтүлгѳнкуткаруучу ит да алынып келди.

Конокторду университеттин жетекчилери жылуу тосуп алып, Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына оор учурда жардам кѳрсѳткѳндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Жыйында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиядагы зилзалада кыргыз элинин жана кыргызстандык куткаруучулардын жардамынбаса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди: “Түркиядагы жер титирөөдө биринчилерден болуп жардамга кол сунган кыргыз эли болду. Президентибиз Садыр Жапаров баш болуп боордоштуктун чыныгы белгилерин көсөтүштү жана кайгыбызды тең бөлүштү. Түркияга барган куткаруучулардын кош бойлуу келинди урандылардын арасынан алып чыкканын кѳрүп аябай сүйүндүк жана сыймыктандык”, -деди.

Андан кийин биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова жер титирѳѳдѳн жабыркаган Түркияга Кыргызстандан барган куткаруучулардын эрдиктери менен бүткүл кыргыз элисыймыктанарын айтып, иштерине ийгилик каалады.

Жыйындын соңунда университеттин ректору Алпаслан Жейлан Түркияга көрсөткөн баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министр Бообек Ажыкеевге Манас” университетинин тѳш белгисин жана издөө-куткаруучулар тобуна ыраазычылык баракчаларынтапшырды.

Министр Бообек Ажыкеев жолугушуудан кийин Медиа Манас” борбору менен таанышып, “Манас ТВ” каналы жана “Манас ФМ” радиосунун түз эфиринде конок болду.

Белгилей кетсек, жер титирѳѳдѳн жабыркаган ТүркиягаКыргызстандан жалпы 140тан ашуун куткаруучу, 3 куткаруучу ит жана фельдшерлер жѳнѳтүлгѳн.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4908-acil-durumlar-bakan-acikeyev-manas-niversitesini-ziyaret-etti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү