Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан өз үйүндө студенттерге ооз ачырды


  • 2023-04-11

Үстүбүздѳгү жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттерди үйүнө ооз ачарга чакырып коноктоду.

Студенттер ректордун меймандостугуна, аларга кѳрсѳткѳн аталык камкордугуна чын ыкластан ыраазы болушту. Ошону менен катар ачык асман алдындагы ооз ачуу аземи алардын кѳңүлүн кѳтѳргѳнүн жана жогорку даражалуу адамдар менен баарлашып, бир дасторкондо даам татканын кубануу менен белгилешти.

Ошондой эле студенттер сезимдери менен бөлүшүп жатып, “Манас” университетинен ар дайым өзгөчө жылуулукту, сүйүүнү, бир туугандыкты жана орозо айында береке тартуулаган биримдикти сезип жаткандарын да жашырышкан жок.

Студенттер ата-энелерине видео чалуу кылышып, ректор менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ректор ата-энелер менен сүйлөшүүсүндө “Манас” университетинин эшиги алар үчүн ар дайым ачык экенин айтты. Ал эми студенттердин ата-энелери университеттин ректоруна түзүлгѳн жакшы шарттар жана балдарына жакындан кам көргөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ооз ачарда ректор Алпаслан Жейлан ынтымак жана биримдик алып келген куттуу Орозо айы – руханий тазаланууга, жакшылык жасоого умтулуу экенин белгилеп: “Түрк маданиятында үйүндө конок тосуу абдан маанилүү бир салт, түрк эли меймандостугу менен бүткүл дүйнөгө таанылды. Биз муну “Манас” үй-бүлөсү катары орозо айында биздин жүрөгүбүзгө жакын болгон студенттерге көргөзүп жатабыз, алардын биринчиси салтка айланып бараткан ачык асман алдында ооз ачуу жѳрѳлгѳсү болду.

Бул биримдик менен ынтымакты ар дайым бекемдеп, бир туугандык сезимиңерди арттыргыла. Түрк дүйнөсүнүн жаштары абдан чоң жана күчтүү үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин эсиңерден чыгарбагыла. Түрк дүйнѳсү үчүн бир бололу, жигердүү бололу!”, -деп ректор студенттердин үй-бүлѳлѳрүнѳ тынчтык, жакшылык жана окууларына ийгилик каалады.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4922-renciler-rektr-ceylann-evine-ftar-konuu-oldu.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү