“Жашыл келечек” долбоорунун алкагында кѳчѳттѳр отургузулду


  • 2023-04-14

Окуу жайда жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу иштери салтка айланган. Быйыл да Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун айланасын жашылдандыруу иштери “Жашыл келечек” долбоорунун алкагында уюштурулуп, ал Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналды.

Иш-чаранын алкагында узундугу 2-5 метрлик 150 түп бак-дарактардын, тагыраагы 50 даана балаты, 50 даана кара жыгач жана 50 даана долононун кѳчѳттѳрү отургузулду.

Долбоордун ишке ашуусуна ЖАК "Кока-Кола Кыргызстан" экинчи жылы колдоо көрсөтүп жатат.

«Жашыл келечек» долбоорунун максаты – Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчасын жашылдандыруу жана Бишкек шаарын жашыл жана экологиялык жактан таза кылуу, жаратылышка аяр мамиле кылууга коомчулукту тартуу жана келечектеги муундарга жашыл шаарды калтыруу болуп саналат.

Иш-чара үстүбүздѳгү жылдын 11-апрелинде Ч.Айтматов атындагы кампусунда ѳтүп, ага университеттин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, ЖАК "Кока-Кола Кыргызстан" башкы мүдүрү Фуркан Айдын, айыл чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4925-yeil-gelecek-projesiyle-kamps-daha-da-yeilleniyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү