Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим жарманкесине катышты


  • 2023-04-30

Бүгүн, 30-апрель күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Шератон” мейманканасында өткөн Түркиянын жогорку окуу жайларынын билим жарманкесине катышты.

Жарманке “Маариф” агенттиги тарабынан уюштурулду жана ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, “Манас” университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түркиянын “Маариф” фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, профессор Мехмет Өзкан, Стамбул Сабахаттин Заим университетинин ректору, профессор Ахмет Жеват Ажар жана Түрк-Герман университетинин ректору, профессор Жемал Йылдыз катышты.

Ачылыш сөзүндө элчи Ахмет Садык Доган иш-чаранын максаты Түркиянын жогорку окуу жайларын таанытуу жана жаштарды дүйнөлүк деңгээлдеги сапаттуу университеттерден билим алууга чакыруу экенин баса белгилеп айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык жана маданий тармактар боюнча маалыматтар берилди.

Жарманкеге жалпысынан Түркиянын 12 жогорку окуу жайы, тагыраак айтканда Алания университети, Догуш университети, Фенербахче университети, Стамбул Сабахаттин Заим университети, Стамбул Айдын университети, Стамбул Арел университети, Стамбул Гелишим университети, Стамбул Бейкент университети, Стамбул Нисанташы университети, Хаккари университети, Ondokuz  Mayıs университети жана Түрк-Герман университети катышты.

Жарманкеде “Манас” университетинин стенди кызыгуу жаратып, окуу жайдан билим алгысы келген мектеп окуучулары университет тууралуу кенен маалымат алышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber Fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Crp5pPjtwhg/?igshid=YmMyMTA2M2Y=

    Социалдык медиада бөлүшүү