КТМУ менен Түрк-Герман жана Стамбул Сабахаттин Заим университети кызматташат


  • 2023-04-30

Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Түрк - Герман университети жана Стамбул Сабахаттин Заим университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Стамбул Сабахаттин Заим университетинин ректору, профессор Ахмет Жеват Ажар, Түрк-Герман университетинин ректору, профессор Жемал Йылдыз кол коюшту.

Келишимде окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 
    Социалдык медиада бөлүшүү