“Универсиада -2023” спорттук оюндарында КТМУ 4-орунду багындырды


  • 2023-04-28

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн “Универсиада - 2023” спорт оюндарында университетибиздин студенттеринин курама командасы 4-орунду жеңип алды.

Үстүбүздѳгү жылдын 3-апрелинен 28-апрелге чейин Бишкекте студенттердин арасында дене тарбия жана спортту ѳнүктүрүүгѳ багытталган Кыргыз Республикасынын Универсиадасы спорттун 17 түрү боюнча ѳтүп, ага 35 жогорку окуу жайларынын курама командалары катышты. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнѳлүк жайкы универсиадага катыша алышат.

Оюндардын жабылуу аземи КТМУнун жабык спорт комплексинде ѳтүп, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору А.Абдымомунов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дене тарбия, спорт жана маданият боюнча республикалык усулдук борбордун директору К.Исаев, Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору С.Азизбаев, Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын башкы катчысы К.Усупбеков жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова катышты.

Университетибиздин студенттеринин курама командасы үстѳл тенниси, баскетбол, футбол, волейбол, дзюдо, кыздар күрѳшү жана тогуз коргоол боюнча балдар жана кыздар командасы болуп күч сынашып, 4-орунду багындырышты жана алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

Универсиаданын уюштуруучулары жана жеӊүүчүлѳрү менен спорттук мелдештин машыктыруучулары баалуу белектер менен сыйланышты.

Университетибиздин намысын коргогон студенттерибизди жеӊиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү