Илимий жыйын: "Түрк цивилизациясы жана өнүгүү процесси"


  • 2023-05-13

Университеттин Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан "Түрк цивилизациясы жана өнүгүү процесси" деген аталышта илимий жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова жана Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башчысы, профессор Мехмет Ариф Өзербаш, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери жана студенттер катышты.

Пленардык отурумда Ливиянын мурдагы башкы штабынын төрагасы, генерал Юсуф Мангуш “Ливиядагы жашаган түрктөр жана түрк маданияты”, университеттин башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл “эски түрк цивилизациясынын өнүгүү процессинде Фергана өрөөнүндө маданияттардын бири-бирине болгон таасири (тарых, тил, маданият, искусство)”, түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз “Түрк цивилизациясынын өнүгүшүндө тил жана адабияттын ролу”, тарых бөлүмүнүн профессору Анварбек Мокеев “Түрк цивилизациясынын бир бөлүгү болгон Энесай кыргыздарынын маданият жана цивилизациясы” баяндама жасашты.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CsHB4fQNmni/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү