“Манас” университетинин баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагынын алкагында май айында англис тили, орус тили жана араб тили боюнча сынактар, ал эми декабрь айында англис тили жана орус тили боюнча сынактар өткөрүлөт. Декабрь айында араб тили боюнча сынак өткөрүлбөйт.
2023-жылдын май айында өткөрүлө турган чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагына (Manas YDSTS) катталуу шарттары төмөндөгүдөй:
Сынак өткөрүлчү күн: 2023-жылдын 28-майы, жекшемби күнү
Сынактын башталыш убактысы: 10:00
Сынак өткөрүлчү жер: КТМУ, Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарча, коммуникация факультети
Каттоо күндөрү: 2023-жылдын 22-25-май күндөрү
Сынакка катталуу:
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
1) Түркия Республикасынын жарандары үчүн жарактуу паспорт же инсандык күбөлүгү/ Түркия Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы талап кылынат.
2) Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн жарактуу паспорт талап кылынат.
3) Сынакка кирүүгө уруксат кагазынын принтерден басылып чыгарылган түрүн алып келүүсү зарыл.
4) Сынакка уюлдук телефон, акылдуу саат ж.б.гаджеттер менен кирүүгө тыюу салынат.
“Манас” БТЖБ башчылыгы