Жаш ветеринарлар өз кесиптерине даяр


  • 2023-05-18

Үстүбүздөгү жылдын 18- майында Кыргыз -Түрк "Манас" университетинде "Салттуу кесиптик халат кийгизүү" деп аталган иш-чара болуп өттү. Белгилей кетсек, "Манас" университети бул иш чараны 10 жылдан ашуун убакыттан бери өткөрүп келет. Бул жолу да ветеринария тармагынын күңгөй - тескейи жана келечеги тууралуу сөз болду.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: "Адабиятты карай турган болсок белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматов ветеринар болгон. Түрк гимнинин автору Мехмет Акиф Арсой дагы ветеринар. Ал эми ветеринардык илимдин миссиясы жаныбарлардын ден соолугун коргоо менен гана чектөө чоң жанылыштык",- деди. Ошондой эле, КТМУда ветеринария факультети эң маанилүү факультеттердин бири экенине токтолуп, окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми "Манас" университетинин ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен: "Кыргызстанда ветеринардык кесипке болгон суроо-талап абдан жогору. Азыркы тапта Кыргызстанда 3500 ветеринарга муктаждык бар. Демек, биз учурдун талабына ылайык, өз ишин мыкты билген кесипкөй адистерди тарбиялап чыгарышыбыз керек. Биздин окуу жай, биздин факультет дал ошондой адистерди даярдап чыгарына ишенем. Анткени, биздин факультет дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап, алдыңкы технологиялык жабдыктар менен окутат",-деди. И. Шендин айтымында, ветеринарлар малдардын ден соолугуна кам көрүү менен бирге жалпы адамзаттын саламаттыгына кам көрүшөт.

КТМУнун биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова ветеринария факультетинин студенттерине ийгиликтерди каалап, окутуучуларга ыраазычылыгын айтты.

Соңунда, салтка айлангандай КТМУнун ветеринария факультетинин 1-курсунун студенттерине ак халаттарды кийгизишти жана эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsYvKkRN5RA/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү