Тарых бѳлүмүнүн студенттери үчүн "Түрк дүйнөсү" аталышында конференция өттү


  • 2023-05-18

Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата "Манас" университети "Түрк дүйнөсү" деген аталышта конференция өткөрдү. Иш-чара гуманитардык факультетинин тарых бѳлүмү тарабынан уюштурулду.

Конференцияга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан да катышты. Ал иш-чараны ачып жатып бир улуттун келечеги өз тилин, маданиятын, тарыхын билген коомго байланыштуу экенин белгиледи. Аны менен бирге Мехмед Ариф Бейдин "93-жылы Осмон орус согушунда башыбыздан өткөндөр" аттуу китебин окуганда эсинде калган саптар менен бөлүштү. "Мен тарых зарыл деп ойлогон эмесмин. Тарыхты аңгемелер деп ойлочумун. Бирок, 1993- жылдагы согушту баштан өткөргөндөн кийин, тарыхтын элге канчалык керек экенин түшүндүм",-деп жазган автор. Ошондуктан, биз тарыхты билишибиз абзел. Айрыкча мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин ж.б. сөзсүз тарыхый билими болуш керек. Ал эми келечектеги тарыхчылар элге так, туура  тарыхый маалыматтарды жеткириши керек. Силер өз улутунардын жана түрк дүйнөсүнүн улуу тарыхчысы болгула",-деп сѳзүн жыйынтыктады.

Андан соң конференциянын жүрүшүндө түрк тилдүү элдердин ортосундагы тарыхый, маданий, экономикалык өнүгүү процесстери, саясий түзүмдөрү, атактуу адамдары жана ошондой эле алардын коомдогу таасирлери тууралуу талкуу болду.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsYo7gpxzz4/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү