"Манас" университетинин бүтүрүүчүсү болуу чоң сыймык


  • 2023-05-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчү студенттери университеттеги акыркы күндөрүн абдан толкундануу жана өзгөчө сезимдер менен өткөрүүдө.

Окуу учурунда группалаш, курсташтары менен унутулгус көз ирмемдерди чогуу баштан өткөрүп, достук, бир туугандык мамиледе болуп калган жаштар университеттеги акыркы күндөрүн эстеликке сүрөткө түшүү менен өткөрүшүүдө.

Студенттер алар менен кампуста тез-тез жолугуп, баарлашып турган ректор менен бирге сүрөткө түшүштү. Окууларын аяктап бүтүрүүчү болуп сүйүнүп жаткан студенттерге университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, муну менен «Манас» университетинен биротоло кетпей, «Манас үй-бүлөсүнүн» бир мүчөсү болуу өмүр бою уланарын кошумчалады. Ал ошондой эле ар бир студент мекени, улуту, түрк дүйнөсү жана университети үчүн жакшы иштерди жасай турганына ишенерин айтты.

Алпаслан Жейлан «Манас» университетинин жаштары «тилде, ойдо, иште биримдик» ураанын ишке ашыра турган, биримдиктин бекемдигин камсыздаган, дүйнөнүн туш тарабында бири-бирин коргоп, колдоп, бийиктикти көрсөтө турган жаштар экенин кошумчалады. Ошондой эле бүтүрүүчүлѳр үчүн абдан сонун бүтүрүү аземин уюштурууну пландап жатышканын айтты.

Белгилей кетсек, Түркия менен Кыргызстан биргелешип түзгөн өзгөчө макамга ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери акысыз дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку билимге ээ болушат. “Манас” университети QS дүйнөлүк университет рейтингинде 801, түрк университеттеринин рейтингинде 7-орунда турат. Бүтүрүүчүлөр Түркия менен Кыргызстандын дипломдорун алышып, жарактуулугу боюнча эч кандай көйгөйгө дуушат болушпайт. Жогорку сапаттагы билимге ээ болгон “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 40 тан ашык мамлекетинде ишке орношуп жана өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber Videosu: http://mediamanas.kg/uploads/files/1685118573_-6371190175035262098.mp4

Haber Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/4958-rencilerin-mezuniyet-heyecan.html

 
    Социалдык медиада бөлүшүү