Ректор Алпаслан Жейлан алмашуу программалары менен келген окутуучулар менен жолугушту


  • 2023-05-30

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору проф., док. Алпаслан Жейлан билим берүү, илимий изилдөө жана социалдык жоопкерчилик программалары менен катар эл аралык Орхон жана Эразмус алмашуу программалары менен Эге университетинен келген профессор Мурат Элибол, доцент Эрбил Четин, ага окутуучу Мурат Челик, ага окутуучу Элгин Кылыч, Сүлейман Демирел университетинен профессор Лүтфү Чакмакчы, профессор Айнур Гүл Карахан жана Чанкыры Каратекин университетинин ага окутуучусу Микаил Кара менен жолугушту.

Ректор Жейлан конок окутуучуларга “Манас” университети тууралуу маалымат берип жатып, ар бир академиялык жана административдик кызматкердин университетибиз тууралуу ой-пикирине маани берилерин баса белгиледи. Келген профессордук-окутуучулук курам ой-пикирлери менен бөлүшүп, университеттин физикалык шарттарын, жабдылышын жана кампустун жарыктандырылышын жактырышып, окуу жайдын студенттерге ыңгайлуу экенин баса белгилешти. Аны менен катар студенттер жана кызматкерлер арасындагы үй-бүлөдөгүдөй жылуу карым-катнашты сезишкендерин айтышты. Бишкекте чыныгы Манас үй-бүлөсү түптөлгөндүгүн жана студенттердин билим деңгээли бийик жана академиялык дарамети жогору экенин айтып, бул окуу жайга келгендерине ыраазы экендиктерин билдиришти.

            Эге университетинин инженердик факультетинин биоинженерия бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мурат Элибол өз сөзүндө буларга токтолду. «Мен Эге университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосундагы Орхун окутуучу алмашуу программасынын негизинде 2023-жылдын 15-29-май күндөрү окуу жайдын химиялык инженерия бөлүмүндө болдум. Программа аркылуу мен кыргыз боордошторубуздун маданияты менен жакындан таанышып, КТМУнун химиялык инженерия факультетинин студенттери менен билим-тажрыйбабызды бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Факультеттеги студенттердин жана кесиптештеримдин менин лекция, семинарларыма кызыгуусу мени абдан кубандырды. Биз Бишкекке келгенде университет жамаатынын жылуу тосуп алуусу, турак-жай жана тамак-аш менен камсыздоодогу өзгөчө мамилеси абдан жагымдуу болду. Кампустун жагымдуу дизайнына, ошондой эле жаратылыш көрүнүшүнө суктанганымды да айткым келет. Аталган программанын аркасында ушундай өзгөчөлүктөргө күбө болгонума кубанычтамын. Бул жактан мага көрсөткөн бардык колдоосу үчүн профессор Алпаслан Жейлан агайыбызга жана программадагы ар кандай байланышты камсыз кылган тышкы байланыштар бөлүмүнө терең ыраазычылык билдирем».

Эге университетинин Табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Эрбил Четин: Орхун алмашуу программасы менен 2023-жылдын 14-29-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнө келдим. Программанын алкагында мен биринчи жана экинчи курстун студенттерине лекция окууга мүмкүнчүлүк алдым, ошондой эле студенттер активдүү катышкан презентация жасадым. Өтө сыпайы, көздөрү жанып турган студенттер менен таанышканыма кубанып, ырас эле, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин математика факультетине келиптирмин дедим. Студенттер өздөрү уюштурган пикник программасына чакырып, сыйлашты. Андан сырткары Тышкы байланыштар бөлүмү уюштурган “Ата-Бейит” эстелигине болгон экскурсияга катыштык. Бул - биз үчүн улуттук аң-сезимибизди кайра жандантып, бир мекендин, туунун жаралуу тарыхын жеринен үйрөткөн унутулгус саякат болду. Сөзүмдүн соңунда ушундай жайлуу, жаратылышы кооз, студенттерге жана биз үчүн ыңгайлуу университет чөйрөсүн түзгөн ректорубуз, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдиргим келет",-деди.

Келген профессордук-окутуучулук курам “Манас” университетинин тажрыйбасы келечектеги биргелешкен окуулар үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтышып, алдыда дагы башка биргелешкен долбоорлорго катышууну каалашкандарын билдиришти.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү