Кыргыз-Түрк "Манас" университети Газиантеп университети менен кызматташат


  • 2023-06-13

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Түркия Республикасындагы беделдүү  Газиантеп университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлдү. Иш-чара үстүбүздѳгү жылдын 12-июнунда "Манас" университетинде болуп өттү.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к  Бактыгүл Каламбекова жана Газиантеп университетинин ректору, профессор Ариф Өзайдын кол койгон келишимге ылайык, эки университеттин окутуучулары мындан ары биргеликте изилдөө иштерин жүргүзө алат. Мындан сырткары  эки тарап өзгөчө медицина, айыл-чарба, маданият, спорт жана туризм тармагында кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты.

Ошондой эле студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жана биргелешкен илимий семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду ж.б. уюштуруу боюнча кызматташат.

Эки университеттин ортосундагы кызматташууга кол коюу аземине проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, Башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а., профессор Серхат Бурмаоглу жана факультет декандары катышты.

Иш-чаранын соңунда КТМУ ректору Алпаслан Жейлан менен Бактыгүл Каламбекова Түркиядан келген сыйлуу конок, Газиантеп университетинин ректоруна кыргыз улуттук кийимин кийгизип, белек тапшырды.

Андан соң  Газиантеп университетинин ректору профессор, Ариф Өзайдын "Манас" телеканалынын студиясында  конок болуп, Газиантеп университети тууралуу жана КТМУ менен  кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маек курду.

Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан сапаттуу билим берүү   системасына ээ  Газиантеп университети тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу окуй аласыз:

https://www.gantep.edu.tr/

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CtY1f_wtYpC/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү