Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кирүү сынактарына даярдануу үчүн акы төлөнүүчү курстар тууралуу билдирүүсү


  • 2023-06-14

Социалдык тармактарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кирүү сынактарына даярдоо боюнча акы төлөнүүчү курстар тууралуу пайда болгон жарыялардан улам университеттин ректораты мындай курстар университетте уюштурулбаганын жана ага эч кандай тиешеси жок экенин билдирет.

“Манас” университетине кирүү сынактарынын суроолору Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү программасын эске алуу менен түзүлгөн. Университеттин жетекчилигин кошо алганда аларга эч ким жеткиликтүү эмес жана сынак күнү ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан ачылат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети бардык абитуриенттерге кирүү сынактарында бирдей шарттарды жана укуктарды кепилдейт.

Урматтуу абитуриенттер, Сиздерди кызыктырган суроолорго жоопту университеттин www.manas.edu.kg сайтынан ала аласыздар.

    Социалдык медиада бөлүшүү