"Заманбап технологиялар жабдыктарынын дизайны" жыйынтыктоочу көргөзмөсү өттү


  • 2023-06-17

2023-жылдын 16-июнунда Инженердик факультеттин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлɵрү тарабынан "Заманбап технологиялар жабдыктарынын дизайны" аталышында дипломдук иштеринин негизинде даярдалган бүтүрүү иштеринин кɵргɵзмɵсү ɵттү.

Кѳргѳзмѳгѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышып, студенттердин жаратмандык менен жасаган эмгектерине жогорку баасын берди.

Кɵргɵзмɵдɵ студенттер постер даярдап, алардын ар бири ɵз иши тууралуу кыскача маалымат беришти. Компьютердик инженерия бɵлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган кызыктуу сайттар жана жаш балдар үчүн даярдалган оюндарды иш жүзүндɵ ойноп кɵрүүгɵ мүмкүнчүлүк түзүлдү. Электроника жана электр инженердиги бɵлүмү тарабынан болсо 5 ɵрнɵк модель көргөзмөгө коюлду.

Алар:

1. Унаалардын дубал көзөмөлдөө жана картага түшүрүү системасынын сенсорлорун жана алгоритмдерин долбоорлоо;

2. Күн энергиясын алууда акылдуу кош октуу көз салуу системасынын прототибин ишке ашыруу;

3. Батареяны башкаруу системасын эффективдүү моделдөө жана фотоэлектрдик системада симуляциялоо;

4. Акылдуу эшик системасында сүрөт жана үн жардамы менен колдонуучуну таануу;

5. Автотранспорт автоматтык түрдɵ бош жерге парковкасы үчүн унаанын механикалык дизайны.

Студенттер тарабынан даярдалган өзгөчө долбоорлор көргөзмөгө катышуучулардын кызыгуусун арттырды.

Кɵргɵзмɵгɵ катышкан студенттерге Ыраазычылык баракчасы жана бɵлүмдɵрү тарабынан даярдалган белектер ыйгарылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Ctqrxwet19t/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү