КТМУда "Балдар университети" иш-чарасы уланууда


  • 2023-06-21

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында уюштурулган "Балдар университети" иш-чарасынын үчүнчү жумасы башталды.

Балдардын таалим-тарбиясына өзгөчө басым жасаган "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан тарабынан уюштурулган аталган иш-чаранын негизги максаты балдарга Кыргыз-Түрк "Манас" университетин тааныштыруу жана жайкы эс алуу алдында балдарга жагымдуу маанай тартуулоо болуп саналат.

 2023-жылдын 19-июнунда   профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын алкагында билим алып жаткан балдар  менен бирге түштөндү. Ректорубуз өз колу менен балдарга тамак таратып, алар менен көңүлдүү убакыт өткөрдү.

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти иш-чара боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди: "Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чаралар абдан маанилүү деп эсептейм. Коомчулук өзгөчө жашы улгайгандарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана балдарга камкордук көрсөтүүгө жогору баа берүүдө".

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CtvVDRONVxb/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү