Ректор Алпаслан Жейлан “Түрк дүйнөсүнө кошкон жигердүү салымы үчүн” сыйланды


  • 2023-06-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Түрк дүйнөсүнө кошкон жигердүү салымы үчүн” Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жогорку сыйлыгы менен сыйланды.

Ректор Алпаслан Жейлан аталган сыйлыкка Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы жана боордош элдердин маданий чөлкөмүндө улуттук сезимдерди ойготууга кошкон жигердүү салымы үчүн татыктуу болгон.

Түрк дүйнөсүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн сыйлык алган Алпаслан Жейлан төмөнкүлөргө токтолду: "Мен өмүрдүн бир бөлүгүн түрк дүйнөсүнө кызмат кылууга арнадым. Бүтүндөй түрк ааламындагы боордошторубуз менен бир максатта талыкпастан иштеп жатабыз. Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Манас" университетинин ректору катары мага "Манасты" дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу жана түрк дүйнөсүнүн борбору кылуу тапшырмасын берген. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн күн-түн дебей иштеп келебиз".

Ошондой эле ректор Түрк дүйнөсү инженерлер жана архитекторлор биримдигине ыраазычылык билдирип, уюм менен "Манас" ар дайым кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/Ct16ILUNnHz/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү