Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган жайкы лагерь соңуна чыкты


  • 2023-06-25

Жаш балдардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган "Балдар университети" иш-чарасынын жабылыш аземи өттү.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн жыйынга биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти, проректорлор Мехмет Сезаи Түрк жана Камалбек Карымшаков, ата-энелер жана жайкы лагердин катышуучулары катышты.

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы Эркан Эфилти балдардын эрте куракта билим берүүгө кызыгуусун ойготуу жаштардын келечеги үчүн өзгөчө роль ойной турганын жана борбор тарабынан 2022-2023-жылы уюштурулган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

"Үзгүлтүксүз билим берүү борбору быйылкы жылы көптөгөн иш-чараларды ишке ашырды. Анын катарында ректорубуз Алпаслан Жейландын тапшырмасы менен окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштуруп, бүгүн анын жабылыш аземинде отурабыз. Биз көптөгөн тармакта иш алып барып жатабыз. Айрыкча тил үйрөтүү тармагында да натыйжалуу иштерди аткардык. Ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу максатында түрдүү иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз.

Мындан сырткары борборубуз тарабынан Түркиядагы зилзаладан кийин окуучуларга моралдык жактан колдоо көрсөтүлдү.

Жыйынтыктап айтканда, быйылкы окуу жылында 46 программа ишке ашырылып, жалпысынан борборубуз тарабынан 500гө жакын адамга билим берилди. Биз бул көрсөткүч менен токтоп калбайбыз. Жаңы окуу жылында иш-чаралардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз",- деди Эфилти.

Ошондой эле биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун бул тармактагы программасын колдой турганын айтты.

"Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан өткөрүлгөн ар бир программа маанилүү деп эсептейм. Ал аркылуу канчалаган адамдар жаңы маалыматтарга ээ болуп, дүйнө таанымын өстүрүүдө. Балдардын жайкы лагери тууралуу сөз кыла турган болсок, сөзсүз, ал пайдалуу болду. Балдар көптөгөн өнөрлөрдү үйрөнүп, жаңы билимге ээ болду",- деди Бактыгүл Каламбекова.

Ал эми проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк: "Алгач сиздерге ректорубуз Алпаслан Жейландын атынан салам айтам. Ал азыркы учурда Түркияда болгондугуна байланыштуу иш-чарага катыша алган жок. Чындыгында, балдардын жайкы лагери абдан пайдалуу болду. Бүгүн балдардын 3 апта бою өткөн жайкы лагеринин жабылыш аземинде отурабыз. Албетте, программа аркылуу балдар көп нерсени үйрөнгөнүн байкап турам. Жайкы мектепке катышкан балдарга ийгилик каалайм жана мугалимдерге ыраазычылык билдирем",- деди.

Иш-чаранын соңунда жайкы лагерге катышкан балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Аларга университет тарабынан сертификаттар тапшырылды.

 

МММ жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Ct3HXFKtDjs/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haber Videosu:

https://youtu.be/cxjHTNUvp84

    Социалдык медиада бөлүшүү