Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Ыраазычылык жана таазим” программасы уюштурулду


  • 2023-07-06

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин маданий баалуулуктарынын калыптанышына, университеттин өнүгүүсүнө бай тажрыйбасы жана ак ниет эмгеги менен эбегейсиз зор салым кошкон жана учурда ардактуу эс алууга кетип жаткан профессордук-окутуучулук курамга арналган “Ыраазычылык жана таазим” программасы уюштурулду. Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн программага ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, э. и. к. Бактыгүл Каламбекова жана университетибиздин профессордук-окутуучулук курамы менен административдик кызматкерлери  катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын ачылыш сөзү менен башталды. Ректор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирген, тынымсыз жаңыланып жана өнүгүп турган, өзгөчө акыркы 3 жылда чоң ийгиликтерди жаратып келе жаткан университет. Кыргыз-Түрк “Манас” университети – чоң үй-бүлө. Бул ийгилик университетте эмгектенип жаткан мугалимдерибиздин, тактап айтканда “Манас” үй-бүлөсүнүн ийгилиги болуп саналат”. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн университеттин бардык кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Ректор Алпаслан Жейлан таазим кылуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, университеттин профессордук-окутуучулук курамынын ардактуу эс алууга кетип жаткандыгына карабастан алар менен дайыма тыгыз байланышта болоорун жана алардын дайыма “Манастык” болуп кала тургандыгын дагы баса белгилеп өттү.

Түркиядан келген жана кызмат мөөнөттөрү аяктаган профессордук-окутуучулук курамга дагы ыраазычылык билдирип, ректор Алпаслан Жейлан аларга төмөнкүдөй кайрылды: “Көптөгөн тармактагы кызматташтыгыбыз дагы да улана берет. Сиздерди ата-бабаларыбыздын жеринде коноктоп жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз. Сиздер Манастын элчилери болуп саналасыздар”.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э. и. к. Бактыгүл Каламбекова өз сөзүндө: “Кыргыз-Түрк “Манас” университетине көп жылдардан бери жүргүзгөн илимий изилдөөлөрү, билими жана ийгиликтүү студенттери менен эбегейсиз зор салым кошкон профессордук-окутуучулук курамыбызга ак ниет эмгектери үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык”.

Аталган иш-чарада коммуникация факультети тарабынан ардактуу эс алууга кетип жаткан профессордук-окутуучулук курамга арналып атайын даярдалган слайд-шоу көрсөтүлдү. Ректор жана биринчи проректор ар бир окутуучуну сахнага чакырып, университеттин атынан белектерин тапшырышты. Ардактуу эс алууга кетип жаткан мугалимдерибиз ыраазычылык жана таазим программасы салтын баштаткан университетибиздин ректору Алпаслан Жейланга жана университеттин жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Программанын аягында “Манас” үй-бүлөсү бирге эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber Fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CuW8Qn_t-IH/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/p/CuW8uFdNH3d/?igshid=OGIzYTJhMTRmYQ==

Haber Videosu: https://youtu.be/Jodm42EPis4

 

    Социалдык медиада бөлүшүү