КТМУ ректору Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту


  • 2023-07-15

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда "Манас" университетин кеңири аймакка таанытуу жана интернационалдаштыруу максатында башталган экинчи иш сапары менен Венгриянын Кыргызстандагы элчилигине барды. 

Иш сапардын алкагында ректорду   проректор, доцент Камалбек Карымшаков менен университеттин тышкы байланыш бөлүмүнүн координатору, профессор Кемал Полат коштоп жүрдү.

Венгрия элчиси Шандор Дороги менен болгон жолугушууда КТМУ ректору Алпаслан Жейлан соңку эки жылда университетте жасалган иштер жана ийгиликтер тууралуу айтып берди. Ал "Манас" университети QS 2024 рейтингде дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин катарына киргенин баса белгиледи.

Алпаслан Жейлан элчи менен жолугушуу учурунда венгриялык мугалимдер менен иштешүүгө жана студенттерди кабыл алууга кызыкдар экенин кошумчалады.

"Бүгүнкү күнгө чейин "Манаста" венгриялык жаштар билим алган жок. Бирок биз венгриялык жаштардын "Манас" аркылуу сапаттуу жана акысыз билим алышын каалайбыз. Биздин университетте чет өлкөлүк студенттер үчүн да бардык шарттар каралган. Алар  жатакана, тамак-аш менен камсыздалып,  стипендия берилет",- деди ректор Алпаслан Жейлан.

Өз кезегинде элчи Шандор Дороги иш сапары үчүн КТМУ ректору Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

""Манас" университетинде иштеген мугалимдерди жана билим алган венгриялык жаштарды көрүү бизди да кубандырат. Бул маселе боюнча колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ошондой эле Венгриядагы билим берүү мекемелери, университет, институт жана башка мекемелер менен болгон кызматташууңуздарга колдон келген аракетти жасайбыз.

Будапештке барып, Будапешт университети, Сегед университети, Корвинус университети жана Будапешт технология университети менен кызматташууну сунуштайт элем. Аталган университеттер да сиздер кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна сыймыктанарына ишенем. 1870-жылдардан баштап Будапешт университетинде Түркология бөлүмү ачылып, кафедрада көптөгөн маанилүү иштер аткарылып келет. Ошондуктан бул кызматташуулар абдан жемиштүү болору шексиз». 

Элчи мырзага сунуштары жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Алпаслан Жейлан университетибизде Венгрия күндөрүн уюштурууга, конференция сыяктуу илимий иш-чараларды өткөрүү мүмкүн экенин белгиледи.

Иш сапардын соңунда ректор "Манас" университетин таанытуу боюнча жасалган китепчелерди тапшырды. Эки тарап тең кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

 

    Социалдык медиада бөлүшүү