Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кызматкерлери үчүн түрк тилин үйрѳтүү курсу өтүүдө


  • 2023-07-19

2023-жылдын 6-февралында Түркиядагы зилзалада изилдѳѳ-куткаруу иштерин жүргүзгѳн Кыргызстандын куткаруучулары үчүн түрк тилин үйрѳтүү курсу өтүлүүдө.

Аталган курс КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кайрылуусу менен уюштурулуп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Окутуу үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда башталды жана ал Чүй районунун Садовое айылындагы Билим берүү борборунун имаратында өтүлүп жатат. Сабактар Чет тилдер жогорку мектебинин ага окутуучулары: Кенан Йылдырым, Зафер Алтун, Кадир Йогуртчу, Ахмет Таш жана Фарук Гүн тарабынан жүргүзүлүүдѳ. Беш апталык окуу курсунун жыйынтыгында тиешелүү сертификаттар берилет.

Эске салсак, Кыргызстандан Түркияга жалпы 182 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар Түркияда 12 күн болуп, жалпы 8 кишини уранды астынан тирүү алып чыкса, 198 кишинин сѳѳгүн алып чыгышкан.

Түркия башынан кечирип жаткан оор учурда Кыргызстан биринчилерден болуп колун сунган жана эң акыркылардан болуп мекенине кайткан.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Cu4J2zPtJBP/?img_index=1

    Социалдык медиада бөлүшүү