КТМУда түрк тилдүү мамлекеттерден абитуриенттерди кабыл алуу сынагы өткөрүлдү


  • 2023-08-11

2023-жылдын 11-августунда Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин түрк тилдүү мамлекеттерден абитуриенттерди кабыл алуу сынагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлдү.

Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин биринчи проректору, профессор Пеями Баттал жыл сайын түрк тилдүү мамлекеттерде сынактарды өткөрүп келе жаткандарын жана квотанын негизинде ийгиликтүү студенттерди университетке кабыл алгандарын баса белгиледи. Жолугушууда профессор Пеями Баттал Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университети тууралуу кененирээк маалымат берип, төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүнкү биринчи сынагыбыз ийгиликтүү өтүп жатат. Аталган сынак башка өлкөлөрдө дагы улантылат. Алдыда бул сынакка катыша турган бардык студенттерге ийгиликтерди каалайм”.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CvzYp_9tJ0u/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү