2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН КҮЗГҮ СЕМЕСТРЫНДА ӨТӨ ТУРЧУ ТИЛДЕН БОШОТУУ, ЖЕТИШТҮҮЛҮК ЖАНА ТИЛ БИЛҮҮ ДЕӉГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ


  • 2023-08-25

Сынактарга катыша турган студенттер эң кеч 2023-жылдын 05-сентябрь күнү каттоодон өтүүлөрү керек.

2023-2024-окуу жылындагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү программасынын академиялык календарына ылайык 2023-жылдын 07-08-сентябрь күндөрү өткөрүлө турган күзгү семестрдин Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына (кыргыз тили, түрк тили, англис тили, орус тили жана/же кытай тили) катталуу шарттары, аталган сынактардын баалоо критерийлери, өткөрүлө турган күнү жана сааттары төмөндөгүдөй.

СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Аталган сынактарга төмөндөгү шарттарга жооп берген студенттер каттала алат:

  • Кыргыз тилинен бошотуу жана жетиштүүлүк сынагына,

Тилден бошотуу сынагына, 2023-2024-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн кыргыз тилин милдеттүү түрдө окуй турган орто кесиптик билим берүү программалары, бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери жана ошондой эле, 2022-2023-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тилин ийгиликсиз аяктаган студенттер катыша алышат.

Жетиштүүлүк сынагына, 2023-2024-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө котормо программаларында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

  • Түрк тилинен бошотуу сынагына, 2023-2024-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн түрк тилин милдеттүү түрдө окуй турган орто кесиптик билим берүү программалары, бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери жана ошондой эле, 2022-2023-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тилин ийгиликсиз аяктаган студенттер катыша алышат.
    • Англис тилинен бошотуу жана тил билүү деңгээлин аныктоо сынагына, 2023-2024-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн англис тилин милдеттүү түрдө окуй турган Финансы жана кредит бөлүмү, Эл аралык мамилелер бөлүмү, Экономика бөлүмү, Менеджмент бөлүмү, Филология бөлүмүнүн Англис тили жана адабияты программасы жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче котормо программасынын студенттери жана ошондой эле, 2022-2023-окуу жылында даярдоо курсунда англис тилин ийгиликсиз аяктаган студенттер катыша алышат.
    • Орус тилинен бошотуу жана жетиштүүлүк сынагына,

Тилден бошотуу сынагына, 2023-2024-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн орус тилин милдеттүү түрдө окуй турган Филология бөлүмүнүн Орус тили жана адабияты программасы жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программасынын чет элдик (Кыргыз Республикасынын жараны эмес) студенттери жана ошондой эле, 2022-2023-окуу жылында даярдоо курсунда орус тилин ийгиликсиз аяктаган студенттер катыша алышат.

Жетиштүүлүк сынагына, 2023-2024-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программаларында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

  • Кытай тилинен бошотуу сынагына, 2023-2024-окуу жылында даярдоо бөлүмүнүн кытай тилин милдеттүү түрдө окуй турган Филология бөлүмүнүн Кытай тили жана адабияты программасынын студенттери жана ошондой эле, 2022-2023-окуу жылында даярдоо курсунда кытай тилин ийгиликсиз аяктаган студенттер катыша алышат.

Эскертүү: Кыргыз жана орус тилинен Жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер дагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнө арыз менен кайрылуулары абзел.

Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына катыша турган студенттерибиз 2023-жылдын 05-сентябрь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:00гө чейин элекрондук почта аркылуу кайрылуусу керек. Кайрылуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн арыз катынын үлгүсү толтурулуп, арыз ээсинин паспортунун (ID картасынын) сүрөтү (jpeg же pdf форматында) тиркелип, тиешелүү электрондук почталарга жөнөтүлүүсү керек.

ЭСКЕРТҮҮ:

  1. Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактары салттуу (оффлайн) түрдө өткөрүлөт.
  2. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын 10-беренесинин (б) пунктуна ылайык жүйөөлүү себептерден улам тилден бошотуу сынагына катыша албай калган студенттер үчүн кошумча сынак өткөрүлбөйт.

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ДАРЕГИ:

Чет тилдер жогорку мектеби, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы имараты, Ч. Айтматов проспектиси №56, Бишкек шаары.

СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ

Тилден бошотуу, Жетиштүүлүк жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарынын күнү жана убактысы төмөнкүдөй:

СЫНАКТЫН ТИЛИ

КҮНҮ

УБАКТЫСЫ

1.

Түрк тили

07/09/2023

09.00

2.

Кыргыз тили

07/09/2023

13.00

3.

Англис тили

08/09/2023

09.00

4.

Орус тили

08/09/2023

13.00

5.

Кытай тили

08/09/2023

13.00

 

СЫНАКТЫН БААЛАНУУСУ

Даярдоо курсундагы тилден бошотуу сынактарынын (кыргызча, түркчө, англисче, орусча жана кытайча) баалоо критерийлери төмөнкүдөй:

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ЖАЗУУ

ООЗЕКИ

1.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

2.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

3.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

4.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

5.

Кытай тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

Окуп түшүнүү сынагы: Эң аз эки ар башка тексттен жана бул текстерге байланыштуу суроолордон турган 25 упайлык сынак.

Угуп түшүнүү сынагы: Эң аз эки ар башка укма тексттен жана бул укма текстерге байланыштуу суроолордон турган 25 упайлык сынак.

Дилбаян сынагы: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан тандалган үч дилбаян темасынын бирөөнө жазыла турган 25 упайлык сынак.

Оозеки сынак: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан даярдалган билеттерден бирөөнү тандап, билеттеги тема боюнча сүйлөй турган 25 упайлык сынак.

КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР

  1. Сынак башталардан мурун сынак алуучулар тарабынан сынакка катышуучулардын документтери (студенттик билет жана паспорт) текшерилет. Студенттик билети (же паспорту) жок студенттер сынакка катыша албайт.
  2. Сынак алуучулардын зарыл болгон текшерүү иштерин аткаруусу үчүн сынакка катышуучулардын 30 мүнөт мурун тиешелүү сынак жайында болуусу зарыл.
  3. Студенттер сынак учурунда сынак алуучулардын эскертүүлөрүнө кулак салып, ошого жараша иш-аракет кылууга милдеттүү.
  4. Сынакта бир гана калем колдонулат.

 

Азырдын үлгүсү

    Социалдык медиада бөлүшүү