Семинар: “Илимий макала жазуудагы жасалма интеллект революциясы”


  • 2023-09-13

2023-жылдын 12 сентябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректоратынын жыйындар залында профессор Серхат Бурмаоглу тарабынан профессордук-окутуучулук курамы жана студенттерге маалымат берүү максатында «Илимий макала жазууда жасалма интеллект революциясы: изилдөө иштеринде жасалма интеллектти этикалык колдонуунун жолдору» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинарга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан  Жейлан, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, баш катчы, доцент Октай Өзгүл, гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Незахат Жейлан жана башка профессордук – окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Семинарда  профессор Серхат Бурмаоглу жасалма интеллект түшүнүгүн аныктап, жасалма интеллекттин башталышынан бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсү жана акыркы мезгилдеги жасалма интеллекттеги өнүгүүлөргө токтолду. Ал ошондой эле GPT технологиялары, ChatGPTтинин күчтүү жана алсыз жактары, ыкчам түзүү ыкмалары, изилдөө жана илимий макала жазуу процессинде жасалма интеллекттин этикалык колдонулушу тууралуу кенири маалымат берди.

Жасалма интеллекттин көптөгөн тармактарда чоң потенциалга ээ экенин, бирок технологиянын этикалык жана социалдык кесепеттерин да эске алуу маанилүү экенин баса белгилеген профессор Серхат Бурмаоглу ChatGPT сыяктуу жасалма интеллектке негизделген тил моделдеринин текстке негизделген тапшырмаларда абдан пайдалуу экенин жана мындай мүмкүнчүлүктөр менен ар башка тармактагы адамдарга жардам бере аларын белгиледи.

Семинар катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жана ыраазычылык менен кабыл алынды. Семинардын аягында берилген суроолорго чын ыкластан жооп берген профессор Серхат Бурмаоглу мындай маалымат берүүчү семинарлардын окуу жылы бою улана турганын сүйүнчүлөдү.

Профессор Серхат Бурмаоглунун баяндамасын төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар:

link                                          

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin videosu:

https://www.youtube.com/watch?v=Lw4D4gy9eVY

    Социалдык медиада бөлүшүү